www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлүкканадан (морг) белгисиз адамдар уурдап, жашыруун өзүнчө көмгөн 41 жоочунун (боевиктердин) денеси табылды. Эмне үчүн алар жашыруун көмүлгөн, себеби - буларды денесинен улуту башка экени билинип, террордук максатта Казакстанга келгени билинип калмак.

Канат Таймерденовдун Telegram-каналынын билдирүүсүнө таянсак, башаламандык учурунда өлүкканаларгажети жолу кол салуу болгон. Өлүкканаларга жеткизбей дагы канча  жоочулардын денелери жашырылган? Январь иштери боюнча 695 кылмыш иши ачылган. Бул ызы-чууда 4578 адам жапа чегип, 225 адам жок кылынган, алардын ичинде - 19 милиция кызматкери. БУУнун билдирүүсүнө караганда, миңдеген адам жарат алган.

Кырдаал 2011-жылы назарбаевдик бийлик тарабынан жарандарды атуу Жаңы-Өзөн шаарында газдын баасын түшүрүү тууралуу талап менен башталды. Жаңы жылдан баштап бийлик жүргүзүп жаткан реформалардан улам баа эки эсе кымбаттап кеткен. Бааны өкмөт эмес, эркин рынок чечип калган. Газ – Казакстандын батышы үчүн өтө орчундуу тема болгон, себеби ал жакта авто унаалардын 90 пайызы жана үй чарбачылыгынын 70 пайызы газ колдонот.

3-январда Жаңы-Өзөндөн башталган бул кырдаал соцтармактар аркылуу бүтүндөй өлкөгө тараган. 2019-жылы Кытайга каршы чыкканда да башаламандык бүтүндөй мамлекетке тарап кеткен. Оор кырдаалдардын чыгышына негизги себеп - акыркы мезгилде казак коомчулугу кымбаттоолордон улам алсырап бараткан. Официалдуу инфляция 2020-жылы 7,5% болсо, 2021-жылы 8,9% жеткен.  Азык-түлүкт андан беш бетер кымбаттаган.

Ички миграция борбор Нур-Султанда, экс-борбор Алматыда күчөгөн. Ошондуктан Алматы каршылык көрсөтүүнүн борборуна айланган. Алматыда жаштар жана студенттер көп, алар - Кыргызстан алтынчы президент менен жашап жатат деп кыйкырып жүрүшөт. Президент Токаев Жаңы-Өзөндүктөрдүн оозун жапкыча Алматыда катуу каршылык көрсөтүү башталып кетти. Шаарда күч органдарына каршы чыгышып, мародёрчулук күч алып кетти. 

Андан соң интернетти кайра-кайра өчүрүшүп, бул кезде Алматыда курал дүкөндөрү тонолуп, супермаркеттер, банкоматтарга мародёрчулук жүрүп, машиналар өрттөнүп, аскердик куралдар тартылып алынды. Митингчилер акимат, прокуратура, телеканалдарды жана башка тиешелүү жайларды басып алышып, талкалап, өрттөп жиберишти. Алматынын аэропорту да бир нече саат булардын колунда болду.  Машинанын багаждарынан автоматтар таратылып, өлгөн кишилердин да саны артты.

Президент Токаевдин билдирүүсүндө, радикалдар кошулуп, алар сырттан каржыланып жатканы айтылган. Ошондуктан ал митингчилерге каршы ок атууну 7-январда буюрду.

Казакстандын бийлиги мындай башаламандыкты өз күчү менен баса албасын түшүнүп, ЖККУдан (ОДКБдан) жардам сурап кайрылды. 6-январда ЖККУ макулдугун берди. Көп убакыт өтпөй ЖККУнун аскер күчтөрү Казакстанга кире баштады.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы 7-январда телеканалдар жана интернет сайттар аркылуу кайрылуу жасап, өлкөдөгү соңку кырдаал боюнча маалымат берген. Ал - өлкөдө "антитеррордук операциялар уланып жатканын", полициянын, Улуттук гвардиянын жана армиянын күчтөрү менен масштабдуу аракеттер жүрүп жатканын маалымдады.

Жалпысынан, кырдаал турукташып калганын, конституциялык мыйзамдуулук калыбына келип жатканын айтты: “Бирок террорчулар мамлекеттик жана жеке менчик мүлккө дагы деле зыян келтирүүдө, жарандарга карата курал колдонуусун улантууда. Ошондуктан тартип коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууга буйрук бердим. Чет жакта тургандар тараптарды тынчтык жол менен сүйлөшүп чечүүгө чакырыктар айтылып жатат. Кандай акылсыздык! Кылмышкерлер жана киши өлтүргүчтөр менен кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн? Биз чет элдик менен жергиликтүү куралдуу жана атайын даярдыктан өткөн башкесерлер менен кармашып жатабыз. Бандиттер жана террорчулар. Ошондуктан аларды жок кылыш керек. Бул жакын арада толук аткарылат”, - деди ал.

Токаев, ошондой эле, ЖККУнун алкагында жардам көрсөтүп жатканы үчүн Армениянын премьер-министрине, Орусиянын, Кыргызстандын, Беларустун жана Тажикстандын президенттерине ыраазычылык билдирди: “Жашырынып жаткан жоочулардын топтору даярдыктарын мамлекет кантип “уктап”, билбей калганынын сөзсүз аңдашыбыз керек. Алматынын өзүнө эле 20 миң бандит кол салды.

Алардын дээрлик бардык облустардагы аскердик, административдик жана социалдык объектилерге карата акциялары так даярдыкта жүргөнүн, башкарылып турганын, жогорку чабуулдук даярдыкта жана зомбулук менен жүргөнүн көрсөтүүдө. Жоочулардан сырткары идеологиялык диверсия, дезинформация же “фейктер” менен алектенген же элдин маанайын манупуляциялаган адистер иштеди. Сыягы, даярдык жана жетектөө менен бирдиктүү командалык пунктта жүргүзүлгөн”,-деп айтылат президенттин сөзүндө.

Мунун алдында Казакстандын Ички иштер министрлиги атайын операция учурунда 26 “куралдуу адам” өлтүрүлгөнүн, 18 адам жаракат алганын маалымдаган. Ага чейин, 7-январдын таңында президент “контртеррордук штабдын" жыйынын өткөргөн. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал - өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын билдирген. натыйжада Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери киришкен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости