www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айылынын тургунунан аталган райондун Масы айылында жергиликтүү тургун З.Р. шайлоочуларды сатып алуу менен алектенген.
Тактап айтканда, арыз ээси З.Р. Масы айылындагы Маданият үйүнүн жанында жайгашкан тургундардын үйлөрүн кыдырып, паспорттук маалыматтарын тапшыруу үчүн 1 миң сом сунуштаган.
Жогоруда айтылгандардын негизинде бул иш-аракеттер ким тарабынан жана кимдин кызыкчылыгында жасалган болушу мүмкүн болгон жана аларга талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча комплекстүү чараларды көрүү зарыл.
Бул фактыларды тактоо жана юридикалык баа берүү үчүн маалымат Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.
Булак: NazarNews.kg