www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоочулардын массалык түрдө дарегин которуусу боюнча билдирүүлөргө ылайык 21 материал каттоого алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Көзөмөл органынан маалымдашкандай, парламенттик шайлоо алдында социалдык тармактарда жана коомчулукта №2 форма боюнча массалык түрдө дарек алмаштыруу фактылары айтылып жатат.

"Айрым учурларда мындай көрүнүштөрдүн артында шайлоочуларды башка участокко ташып алып баруу, добуштарды сатып алуу, документтерди жасалгалоо аракеттери болушу мүмкүн. Бул жаатта Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 21 материал катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.
Башкы прокуратура эске салгандай, “КР президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, ар бир шайлоочу алдын ала тизмеден маалыматты тактап алышы керек. Тизмеден өзүн таппай калган учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациялоодон өтөт.

Белгиленген формадагы арызды шайлоочудан кабыл алганда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү анын толтурулушунун тууралыгын жана арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын паспорттук маалыматтарга туура келерин текшергенден кийин, ошондой эле идентификациядан өткөн шартта шайлоочуга арызды иштеп чыгуунун статусун тактоо боюнча маалыматы бар, арыздын төмөн жагында жайгаштырылган айрыма талон берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости