www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин убагында СДПК, «Республика», «Кыргызстан», былтыркы шайлоодо «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» алдыга чыкса, быйыл эң капчыктуулар «Ата-Журт», «Ишеним», «Альянс» чыгышты. Банкка салган акчалары менен короткондорунун так суммасы мындай:

 

1 «Ата-Журт Кыргызстан»                   31 871 097                                  22 869 259

2 «Ишеним»                                            23 060 541                                 21 596 455

3 «Альянс»                                              16 561 875                                 15 436 457

4 «Эл Умуту»                                          16 187 340                                 14 210 629

5 «Ынтымак»                                          14 611 184                                 10 419 237

6 «Бутун Кыргызстан»                            8 868 700                                  7 445 855

7 «Азаттык»                                              7 159 708                                  5 449 371

8 «Ата Мекен»                                          4 722 550                                  4 005 023

9 «Улуттар биримдиги»                           4 214 562                                  3 808 522

10 «Социал-демократтар»                          3 532 990                                   3 317 132

11 «Ыйман Нуру»                                     3 137 241                                   2 751 771

12 «Мекенчил эл»                                    2 851 610                                    2 839 016

Калган эргежээл партиялар бир миллиондун тегерегинде акча салышып, бары тең коротуп бүтүштү.

Шайлоо ортолоп калды. Былтыртан берки бешинчи шайлоо. 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоо жараксыз болуп эсептелген. 2021-жылдын 11-январынла президенттик шайлоодон кийин, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп, бир топ кеңештер анын ичинде Бишкек, Ош, Токмок кайра шайлоо өткөзгөн. Кыргыз мамлекети кичинекей болгону менен, партиялар жаатында бир топ мамлекеттерден оозуп кетебиз. Бизде «саны бар, сапаты жок» партиялар көп. Бирок, бардыгын эле “эт менен челдин ортосунда” жүргөн партияларга теңештирип койгонубуз болбойт. Мына, шайлоо күнү келаткан сайын “уйкуда жаткан” партиялар ойгоно баштады. Азыр партиялар кыргыздын саясатында өзгөчө орунду ээлейт. Бөтөнчө кыргыз бийлигине таарынычы бар партиялар, митингди пайдаланууну жакшы көрүшөт. Бүгүнкү күнү, кыргыз партияларынын дарамети кандай?

 “Ишеним” партиясы шайлоону акча менен баштады. Анын катарында ким бийликке келсе “кошелокко” айланган Арзыбек Буркановдун келиши бир аз артка тартып тургандай. “Ишенимге” ишенип алган Бурканов талапкерлердин тазалыгын караган жок. Киши өлтүрүп, өрттөп салгандардын бир туугандарын башынан сылап,капчыгына карап кошуп алды. Андан тышкары Баткенди “менчиктештирип” Буркан облусу кылып, өзүнүн жакын адамдарын бул партияга топтоп алды. Азыркы жарышта “Ишенимдин” капчыгы чоң. Бурканов капчыктуулардын катарын толуктайт. Ал бардык президенттердин учурунда ырахаттын мээримине бөлөндү. Албетте, трайбализмге таянып келаткан Буркановдун азыркы бийликтин “кылын кыйшайтууга” дарамети жетпейт. Анткени, бийлик чүчкүрүп койсо “ляппай” деп жатып калат.

«Улуттар биримдиги» партиясы азыркы бийликке каршы кʏчтѳрдʏн локомотивине айланды. Кʏн ѳткѳн сайын«Улуттар биримдиги»  партиясынын баркы эл алдында ѳсʏп бара жатат. 2015-жылда парламенттик шайлоодо ѳтʏп келген партиялардын эл алдында кадыр-баркы кетип баратат. Анткени алар кымбатчылыкты ооздуктай алышкан жок,экономикалык ѳсʏш болгон жок.Ош шаарынын мэри катары экономикалык тобокелчиликке салып кыргыздын экинчи борборунда ийгиликке жеткен Мелис Мырзакматовдун кадыр-баркы бийлик бут тоскон сайын кʏчѳп,ѳсʏп баратат. Кудай буюрса, «Улуттар биримдиги» партиясы шайлоодо алдыӊкы орундарды ээлеп келет.

Эмнегедир акыркы мезгилдерде “Ата Мекендин”, «Социал-демократтардын» деми сууп, эл алдында баркы кетип бараткандай. Анткени алар убада кылгандай 2010-жылдан баштап алдыга эмес, артка кете баштадык. Парламенттеги бүткүл бийликти Башмыйзам менен кошо “менчиктештирип” алгысы келген “Ата Мекен” социалисттик партиясы, эми “Ата Мекен” капиталисттик партиясы деп атын өзгөртүп албаса болбой калды. Ал партияга мурун социализмди туу туткандар киришчү, эми жалаң капиталисттердин партиясына айланып баратат. Эл болсо Өмүрбек Чиркешовичтин “мордасын” сүйбөйт. Эл анын айткан сөздөрүнө ишене турган, эми эл эмес, айланасында жүргөн эстүү-баштуу кишилер да ишенбей баратат.

Жаңы чыккан “Ынтымакты”  күчтүү партиялардын катарына кошпой койгонубуз болбойт. Ооба, абдан күчтүү партия болуп баратат. Бөтөнчө, шайлоо болуп жаткан күнү “элирип” кетсе, ал партияга эч ким жетпей калат. “Ынтымак”  партиясы жүгүн салып келаткан “ортоңку жана төмөнкү зонага” таянышы абзел. “Ынтымакты” “Ынтымак” кылган –мурунку бийликтерге каршы чыгып, “бычактын мизинде” жүрүшүп, айыл өкмөт, район, облустарда элди бириктирип келген “саясий технологдор”.

“Альянста” бүгүнкү күнү баягы эле, кайсы бийлик болсо да, “күн тийген жердин күкүгүнө” айланышкан Алтынбек Сулаймановдор курчап алган. Бешинчи парламентте Атамбаевдин көрсөтмөсү менен Садыр Жапаров менен Камчы Ташиевдин мурдун канжалата койгону бар. Булар эртеңки күнүн да унутушпай, эки жээкте ойногонго көнүп алышкандар. Эгер күч башкага оой турган болсо, “жамынчу жууркандарын” көтөрүп алып, эмки келе турган бийликке “дыр” коюшат.

“Азаттык” партиясы да укмуштуудай ийкемдүү партия. Ошондуктан, булар ОшМУдагы оюндар үчүн бут тосулуп жаткандай. Булар өздөрүн “пиар” кылганды жакшы көрүшпөйт. Арийне, кыйчалыш маалдарда, шайлоолордо “атырылып” чыга калышат. Бул партиянын өзгөчөлүгү мына ушунда. Элмира Ибраимованы акыркы саптарга кошсо да кошуп койгону туура болду талаада калтырбай.

“Ата Журт” партиясы Камчыбек Ташиевдин аркасы менен упай топтоп келген. Ташиевдин бийликке болгон махабаты, “Ата-Журт” партиясынын бийлик тарапта бүгүнкү жүргүзүп жаткан саясаты таң калычтуу жүрүштөргө ээ кылып жатат. Мурунку бийлик менен күрөшүп келген Ташиев элди коргойбу, же Ташиев өз балдарын коргойбу,бул дагы чоң көйгөйдү жаратууда. Анткени,бирдеме болсо эле балдарын “пиар”кылып чыга калганы менен “Чыңгызхан”болуп камалып келгенден бери көзгө көрүнөрлүк эч иш бүтүргөн эмес. Бийлик тосмодон ары-бери секиргендей баланын оюнчугу эмес да.

 “Ак шумкар” партиясы “кара кузгунга” айланып, өчтү. Бул партияга тирек болуп келаткан Темир Сариевке окшогондор, ордуларын жаштарга өткөрүп берип, саясий аренадан четтеп илимий чөйрөнү эптеди. Туура кылат, токсонго жеткиче тоголонуп жүрө бербей, алтымыштан өткөндөн кийин жаштарга орун бербесек болбойт.

Кыргызстанда эми партиялар ой-да көп. Учур келатат, менин партиям бар деп дымакты көтөрбөй, бириге турган учур келди. Болбосо, ар бир кыргыз жараны бирден партия түзүп, беш миллион партиялуу болуп алалы.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости