www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстандан 390 миллион 480 миң доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.

Кеп жарандардын атайын система аркылуу жиберген каражаты тууралуу болуп жатат.

2021-жылдын январынан сентябрына чейин акча каражатынын сыртка чыгышы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37 миллионго көп.

Буга чейинки жылдардын тогуз айындагы маалыматтарын салыштыра турган болсок, азыркы көрсөткүч рекорд деп эсептелет.

  • 2020 — 353,5 миллион доллар;
  • 2019 — 383,1 миллион;
  • 2018 — 388,4 миллион.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости