www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоого аттануу үчүн күрөөгө 5 миллион сом коюш керек. Жакында 14-майдагы сессияда парламенттик шайлоого босогону тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоору  көпчүлүк добуш менен өткөн. Албетте, биринчи окуудан бул мыйзам кабыл алынган. Эгер жети пайыздык тосмодон партия өтө турган болсо, беш миллион сомду кайтара алат. Ал эми бул тосмодон өтпөй калган партияларга "багы жокко дагы жок" дегендей 5 миллион сом да жок.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карады. Жыйын учурунда СДПК жетекчиси Атамбаев күрөөнү 5 миллион сомго көтөрсө да  СДПК фракциясынын депутаты Дастан Бекешев шайлоо күрөөсүн беш миллион сомдон бир миллион сомго түшүрүүнү сунуш кылды. Муну ал саясий партиялардын чыгымдарын азайтуу ниети менен негиздеди.

Эмнеге чычалаганын ким билет. 2019-жылдын аягында Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна келип, күрөшко тойбой калган "Ата –Мекен" фракциясынан депутат Нурбек Сыдыгалиев шайлоого аттана турган күрөөнү 10 миллион сомго чейин жогорулатууну сунуш кылды. Балким, Нурбек Сыдыгалиев бар экенин билдирип койгусу келгендир. Ушул эле документте партияларга шайлоого катышуу үчүн күрөөнү беш миллион сомдон бир миллион сомго азайтуу жөнүндө сунуш да камтылган. Мыйзам долбоору 2019-жылдын 29-октябрынан тартып парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлган. Азырынча коомдук талкууга коюлган бул маселе толугу менен чечиле элек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости