www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлоого катышып жаткан саясий партиялар менен маалымат каражаттары “Сөз эркиндиги тууралуу келишим” түздү.

Белгилүү болгондой, 24-сентябрда өткөн келишим түзүүгө шайлоого аттанып жаткан 16 партиянын 14ү катышты. “Кыргызстан” жана “Республика” партияларынын өкүлдөрү келген жок. “Замандаш” партиясынын өкүлү кечигип жатканы айтылды.

Иш-чарага келген партиялардын өкүлдөрү сунушка макулдугун билдирип, келишимге кол коюшту.

Белгилей кетсек, келишимге демилгечи болгон “Медиа диалог” уюмунун маалыматына караганда, “Сөз эркиндиги тууралуу келишим” юридикалык күчү жок, өз ара түзүлгөн келишим. Анда партиялар шайлоодо утуп, парламентке келсе журналисттердин сынына чычалап, сотко чуркабай, өздөрүнүн үстүнөн иштешет. Жогорку Кеңеште кабыл алынган медиа тармакка тиешеси бар мыйзамдар сөз эркиндиги менен ойду эркин билдирүү жаатын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек. Мындан тышкары социалдык тармакта, интернет айдыңында пикирин билдиргени үчүн адамды жоопкерчиликке тартуу өнөкөтүн токтотуу сыяктуу талаптар жазылган.

Уюштуруучулардын белгилөөсүндө эгемен Кыргызстандын тарыхында сөз эркиндигин жана жалпы жарандардын пикир билдирүүсүн чектөө аракеттери улам көрүлүп келет. Алар келишимге кол койгон партиялар парламентке келгенде ага жол бербейт деп ишеничин билдиришти.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 партия катышууда. Ал эми шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости