www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер боюнча комитетинде депутат Исхак Пирматов нике жөрөлгөсүнө юридикалык макам берүү сунушун айтты. Анын баамында макам берүү менен келечекте ажырашуудан кийин эч нерсесин калган аялдардын укугун коргоого мүмкүнчүлүк түзсө болот. “Нике менен баш кошуу расмий болуп эсептелбейт. Ажырашкандан кийин көп учурда аялдар мал-мүлксүз калат. Муну менен биз аялдардын укугун коргойлу деп жатабыз”,- дейт Исхак Пирматов.

Ал эми эл өкүлү Евгения Строкова бул сунушту колдобой тургандыгын билдирди. “Никени түшүнүп турам. Бул экркектерге пайдалуу. Мындай тартиптин кабыл алынышы тескерисинче эркектердин укугун күчөтүүгө өбөлгө болот. Мисалы, чиркөөдө расмий нике күбөлүгүн көрсөтмөйүнчө салтка ылайык баш коштурбайт. Мен буга каршымын”, - дейт эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости