www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чынында эле шайлоонун шайтан оюндарына абдан берилип, ар кандай интригаларды өнүктүрүүгө киришкендердин “жемишин” мамлекет жеп жатканы жалган эмес. Маселен, Кара-Балта, Таш-Көмүр шаарларында өткөн мэрди шайлоо өнөктүктөрү эмнеге үзгүлтүккө учурады? Анткени тебетейди тегереткиси келген азгантай топ шайлоонун түркүн бузукулук амалдарын кыймылга келтирип, өз жүздөрүн аныктап салууга жетишти. Мындай чаржайыт аракеттерине дөгүрсүп, мына биз кыйын бекенбиз ыя деп көкүрөгүн какканын билебиз. Ошолордун айынан мамлекеттин казынасына миллиондогон сомго доо кетти. Бирок, тигилердин мурдун балта кесмек тургай кайра жандантты.

Үч күндөн кийин өлкөнүн айрым аймактарында шаардык, жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот. Албетте, бул шайлоо деле өтөт. Тилекке каршы кайрадан эле баягы тынчы жок топтогу адамдар депутат болуп келип калышы ыктымал. Антсе да эми алардын чүкө атмай оюндарына мурдагыдай жол берилбейт. Дагы эле мэрлер, айыл өкмөттөрү шайланбаса бийлик башка жолду ийге келтирүүгө аргасыз болорун белгилей кетели. Ток этерин айтканда андай шаардын, айылдын башчыларын шайлабай жыдыта беришсе өкмөт өзү дайындоого мажбур болот. Бул ыкма мурда колдонулбай жүргөн болчу. Эми бөйрөктөн шыйрак чыгаргысы келгендерди тескөөгө алып, керек болсо казынадан кеткен чыгымдарды мойнуна илүүгө болот. Демек, шайтан оюндардын улануусуна баштагыдай жол берилбейт деп так кесе айтып коелу.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости