www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беш жерде беш жыйырма беш, Өмүрбек Бабановдун кайтып келишине ким тилектеш? Кыргыз саясатында кызыктар көп. 30 жылдан бери күпүлдөп сүйлөп эле келе жатышат, алакандай Кыргызстанды эптей алышпай, кылмыш иши козголгон саясатчыларды эшиктен куусаң тешиктен кирип келе берет. Алардын бири –Бабанов. Таң калычтуусу Бабанов заматта учуучу килем менен топ этип өзүнүн “маазинин” алдында бир барак кагаз алып, кайтыш болгондорго көңүл айтып туруп калганын көрүп, атпай кыргыз журту жакасын кармап, ооздору ачылды.

Андан кийин эле Бабанов тууралуу күбүрт-шыбырт кеп кетти. Такталбаган маалыматтарга таянсак аны “башбакан болот” имиш деген сөздөр тарады.

Бул тууралуу ачык эле коомдук биринчи каналдагы партия лидерлеринин дебатында "Республика" партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев билдирди. Ал: "Эгерде кудай буйруп Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына келип, Өкмөттү түзө турган болсок, Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин премьер-министрликке сунуштайбыз"-деди. Андан тышкары 2012-жылы Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турган 7 айдын ичинде 91 мектеп салынганын кошумчалады, - деп жазып чыкты социалдык тармактагы факты.кж тайпасы.

Ошондо шайлоонун шарапаты менен Бабанов саясатка кайттыбы? Кеттим деп жатты беле? Ким билет? Же Бабанов Ак үй тарап менен “алакандашып”, акылдашып келип алдыбы? Айтор, элдин деле башы айланып калды. А баса, эки айдан кийин “атлас ыштан” кийип Америкага качкан Аскарбек Шадиев Кудайдын керемети менен Кыргызстанга келип калса таң калбай эле, аэропорттон “гүлала” көтөрүп тосуп алсак деле болчудай.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости