www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги жарандык активист, Шаирбек Маматокторовду кепке тартып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевге чыккан соттун өкүмү боюнча пикир алыштык.

--Шаирбек мырза, Батукаевдин мөөнөтүнөн мурун мыйзамсыз бошоп кетиши боюнча кечээ соттун чечими чыкты. Атамбаевдин жана жакындарынын мүлкү конфискацияланып, сыйлыктарынан ажыратылып, 11 жыл 2 айга камала турган болду. Кызыл килем менен узаткандар жазасыз калды го?

--Негизи Атамбаевге чыккан чечим туптуура болду! Себеби, ар бир кылмышкер жазаланышы керек! Себеби, рецидивист Батукаев жөн кылмышкер эмес эле. Ал кримтөбөл көптөгөн адамдарды жана алардын катарында Жогорку Кеңештин депутатын өлтүргөн мыкаачы. Мына ушундай коркунучтуу кылмышкерди кайсы бети менен коё беришкен? Атамбаев, Атаханов, Таабалдиев, Рысалиев, Турсунбек Акун, Жолдубаева, Салянова, Сагымбаева - бүт баары кылмышкерлер! Бүт баары уюшуп алып, кылымышкерден пара алышып, ак халатчандар жалган диагноз коюп, аны болсо Омбудсмен Турсунбек Акун элге жарыялап, Батукаевге адвокат болуп алган.

Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги жетекчиси Зарылбек Рысалиев болсо жансакчы катары, кылмышкерди Манас аба бекетине чейин узатып, кызыл килем менен учакка салып жиберишкен. Мунун баарын, Атамбаев өзү баш болуп, кайнагасы Шамиль Атаханов жана ошол кездеги УКМК жетекчилиси Бусурманкул Таабалдиев экөө төш болуп уюштурушкан. Ошон үчүн Атамбаевдин бүт мүлкүн конфискация кылуу керек. Карасаңыз, Кыргызстанда болгон бардык банктардан эсеп ачышып, ал эсептер акчага толгон. Канчалаган жер тилкелер, кымбат унаалар, кыймылсыз мүлк жана ресторандар. Жөнөкөй элдер 4 сотух жерге жетпей, жумушу жок, муктаждыкта жашап жатса, бул акмактар баары эбегейсиз байлык топтошкон. Булары го Кыргызстанда эле табылганы. А чет өлкөдө канчалаган байлыгы бар экенин иликтөө керек. Бүт баары конфискацияланышы керек!

--Индира Жолдубаевага 5 млн. сом айып салынып, жеңил жаза берилди. Башкалары тергөө менен кызматташып кутулду. Бул ыкманын кесепети мамлекетке тийбейби?

--Индира Жолдубаеваны жоопко тартпаганы суроо жаратат. Анын үстүнө, көпчүлүгү Атамбаевди сатып, анан боштондукка чыгып жатышат. Бул практика өтө туура эмес. Жасаган кылмыштары мамлекетке каршы болгондорду мындай ыкма менен актабаш керек! Баарын жазалоо керек эле. Салянова да өз кезинде, жаш баласы бар деп түрмөдөн кутулган. Тергөө менен кызматташуу - бул жогорку мамлекеттик кызматкерлерге таркалбаган эреже болуш керек. Антпесе, бул акмактар бири-бирин сатып, четинен кутула беришет. Ким уурдаса, коррупцияга аралашса - аёсуз жазалоо керек! Ошондо, кийинкилер уурдабай калмак. Себеби, азыр деле коррупция гүлдөп жатканы эч кимге деле сыр эмес го дейм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости