www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Шаирбек Маматокторов менен Россиянын президенти Путиндин Кыргызстан тууралуу айткан сөзү боюнча пикир алыштык.

-Шаирбек мырза, Орусиянын президентин Путин Кыргызстанда шайлоо сайын төңкөрүш болгону Кыргызстандын, кыргыз элинин шору деди. Анын бул сөзү эмнени каңкуулайт?

-Путин, өзүнчө бизге (Кыргызстанга) күйүмүш болуп айтканы - бул жөн эле анткордук. А биз кайдан билебиз, улам сайын болуп жаткан төңкөрүштөргө, балким ошол эле Федералдык Коопсуздук кызматы тиешеси бар болуп жүрбөсүн? Дагы бир жерин айтып койгум келди. Путин мырза, башка мамлекеттер аралашпасын дейт. А өзүнүн болсо, азыркы кырдаалга баа берип жатканы аралашкандык эмеспи? РФнын үлкөн чиновниктеринин бири болгон Дмитрий Козак анда неге ошол күндөрү жетип келди? Бул эмне, аралашкандык эмеспи? Же Путин Кыргызстандын көмүскөдөгү ээсиби?

Биз, Кыргыз Республикасы деген аты бар, 200 миң чарчы километр аянты, 6 миллиондон ашуун калкы бар, эгемен өлкөбүз жана байыркы эркин элбиз! Бизге антип, үстүртөн, менменсинип акыл айтуунун кереги жок! Ооба, азырынча өлкөбүз оор абалда, бирок биз сөзсүз өнүгөбүз жана өркүндөйбүз! Али бери белгисиз, төңкөрүш кылып болсо да, өз эркиндиги үчүн күрөшкөн кыргыз эли шордуубу же коррупцияга малынмак турсун, коррупцияга чөгүп кеткен Орусиянын эли шордуубу? Тарых баарын ордуна коёт!

-Сергей Лавровдун Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди “үй ээсин сыйла” дегени орус тилин баарынан жогору койгонубу же бизди тоготпогонубу?

-Сергей Лавровдун биздин тышкы иштер министрибиз Руслан Казакбаевге жасаган мамилеси кадимки эле кемсинтүү. Мындай таризде кагып жатканы, силер биздин таманыбыздасыңар, силер менен каалаган тондо сүйлөшөбүз дегени. Дүйнөлүк дипломатияда мындай мамиле - одоно ката, оройлук жана түркөйлүк деп сыпатталат. Эл аралык мамилелерде текебердик кылуу - чектен чыккан компетентсиздик!

Ошондуктан, көп ирет айтып келебиз, Орусия менен бир биримдикте болгонубуз бизге өнүгүү алып келбейт. Эзели Орусия бизге достук, теңдик жана боордоштук мамиле кылган эмес жана кылбайт. Орусиянын досу жок жана болбойт! Орусиянын кызыкчылыгы гана болот! Андай болбосо, өздөрүнө бир топ жакын Украин жана Белорус элдерине азыркыдай мамиле кылмак беле?

Биз, намыстуу элбиз! Сүйбөгөнгө сүйкөнбөйбүз! Дүйнөдө, чындап достук менен мамиле кыла турган чоң жана кичи мамлекеттер толтура. Биз көп вектордуу багытты тандап, башка өлкөлөр менен саясий, экономикалык мамилелерди чыңдашыбыз керек. Айрыкча, кошуна өлкөлөр менен. Бара бара, Орусиянын орбитасынан алыстап, өз жолубуз менен, эркин өлкө катары өнүгүшүбүз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости