www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жана анын иниси депутат Шаирбек Ташиев ага кысым көрсөтүп жатканын билдирди.

Сурабалдиева Шаирбек Ташиев баш болгон эки депутат аны бир күн мурда туулган күнү менен куттуктап, иш бөлмөсүнө чакырып, гүл, торт тапшырышканын айтты. Анда Шаирбек Ташиев Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы добуш бергени үчүн «өзүн күнөөлөөнү» сунуштаган.

Өз кезегинде Шаирбек Ташиев Сурабалдиеванын сөзүнө комментарий берди.

«Бир депутат аны коштоп, Эльвира Жыргалбековнаны [туулган күнү менен] куттуктап коюуумду өтүндү. Иш бөлмөсүнө келсем, алар бар экен. Салам айтып, куттуктап, кетип калдым. Мени эл күтүп жаткан. Мен ага эч кандай коркутууларды айткан жокмун», - деди ал.

Ошондой эле ал буга чейин Сурабалдиева менен жакшы мамиледе болгонун кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости