www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеидбек Атамбаев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон Бишкектеги СИЗО-1ге акыркы жолу качан барганын сурады.

"Мен эч качан болгон эмесмин жана барбайм да, Кудай сактасын", - деп жооп берди Акылбек Жапаров.

Депутат анын суроосун СИЗОдогу камоо шарттарына байланыштуу деп түшүндүрдү. "Камактагылардын көбү, өзгөчө аялдар чиновниктерге келип, баарын өз көзү менен көрүүнү суранышат. Кеп жада калса шартта эмес, бир камерада канча адам отурганында", - деди депутат.

Акылбек Жапаров Акыйкатчы менен прокурорлорду СИЗО-1ге барып көрүүнү суранарын убада кылды.

"Биздин пландарыбыз бул мекемелердин баарын шаардын сыртына алып чыгып, эл аралык стандарттарга ылайык жаңы имараттарды куруу. Бишкек, Каракол жана Жалал-Абад сыяктуу ири шаарлардагы бардык СИЗО жана абактар калктуу конуштардан чыгарылат", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости