www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч миллиард сомдук уставдык капиталы менен түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" холдинги ишин токтотту. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, ишкананын жетекчиси Теңиз Бөлтүрүктүн кармалганына байланыштуу ишин токтотууга аргасыз болушкан.

"Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болду. "Кумтөрдүн" мисалында кендердин баарын өзүбүз иштетели дегенбиз. 10 чакты лицензияны берип, бизнес-долбоордун баарын даярдап, анан инвесторлорго тартуулайлы деп команда түзүлүп жаткан. Бирок биз бөлүп берген акчанын баары ордунда турат, бюджетке кайтарып жатабыз. Теңиз Бөлтүрүктүн тагдыры чечилмейинче бул долбоор аягына чыкпашына көзүбүз жетти", — деди Жапаров.

Андан соң эл өкүлү Адахан Мадумаров бул ишкана бир адам үчүн ачылды беле деп таң калды.

Белгилей кетсек, "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коому 2021-жылдын 29-январында түзүлгөн. Анын негизги милдети Кумтөр сыяктуу мамлекеттик кендерди тейлеп, казууга лицензия берүү болгон.

Акылбек Жапаров холдингдин уставдык капиталы кеминде 10-15 миллиард сомдун тегерегинде болорун айткан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости