www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШК төрайымы Нуржан Шайылдабекова даярдаган Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр сынга алынууда. Көрсө, бул сунуштарга ылайык, мындан ары президент же депутат болуш үчүн жогорку билим дипломуна ээ болушуң керек экен. Ушуну менен эле долбоор чийки даярдалып калганын байкаса болот.
Билген адистер, бул сунуш түздөн-түз Конституция гарантиялаган шайлоо укуктарын чектеп, дискриминацияга алып келет деп куйүп жатышат. Негизги мыйзам боюнча, ар бир жаран шайлаганга жана шайланганга укуктуу.
Ал укугунан пайдалануусу кайдагы бир университет эмес, тамга таанышына дагы көз каранды болуп шартталбайт. Чын эле.
Нуржан айымды уксаңар, эртең Манас тирилип келип, депутат болот элем десе жарабайсыңдеп кууп чыкчудай болуп туру. Жасалма дипломдордон башыбыз айланып турганда, Конституцияга каршы келген мыйзамдарды көбөйтүүнүн эмнеси пайда? Жөн эле элди кыйнай беребизби?
Булак: Жаңы ОРДО