www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Шайыр Абдырахманов «Өмүрбек Текебаевдин ишин эмне үчүн жарыктын ылдамдыгындай тездикте сотко өткөрүп жатышат?” деген аталышта Фейсбуктагы баракчасына жеке пикирин жазды.

“УКМК тергөөчүсү КРдин Жазык- Процесстик кодексинин 231, 232, 233 беренелерин одоно бузуу менен, Өмүрбек Текебаев жана анын жактоочусун иштин материалдары менен толук тааныштырбай, шашылыш түрдө сотко өткөрүп жаткандыгы бул бийликтин Ө.Текебаевди президенттик шайлоого катыштырбай, эртерээк соттоп, оюндан чыгаралы деген далалаты десе болот.
Эми Ак үй жактан чыккан үндүн ылдамдыгында сот иштери жүрүп, болуп көрбөгөндөй тездикте Ө. Текебаев боюнча сот чечими чыгып калса, таң калбагыла.

Бир гана белгилей кетчү нерсе, ушунча мыйзам бузуулар, адам укуктарынын тебелениши, тарыхта чоң тамгалар менен жазылып, ал эмес кийин бир учурларда Кыргызстандагы демократиянын түптөлүү маалындагы терс көрүнүштөр катары эскерилип калса керек...»,-дейт Шайыр Абдырахманов.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости