www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кийинки жылдары Республикабызда аялдар аралашкан саясий болобу, коомдук болобу иштердин жанданганы көзгө урунуп келет. Өлкөнүн кайсы район-шаарында болсо да, өткөрүлүп жургөн иш-чаралардын баардыгынан Кыргыздын ак элечектүү зайыптары көбүрөөк кездеше баштады. Буга КТРК өткөрүп жүргөн "Шайыр апалар" фестивалы чоң түрткү болгону көүрнүп турат. Ушул маселенин тегерегинде аталган фестивалдын калыстар тобунун мүчөсү милициянын полковниги, акын-жазуучу, журналист Жолдошбек Бузурманкулов менен Багыт.kg гезити маек курду.
- Жолдошбек агай, "Ша-йыр апалардын" кыймы-лындагы Сиздин ролуңуз-ду айтасызбы?
- Айтайын, Нурлан уулум. Мындан төрт жыл мурда ушул кыймыл башталыл, көгүлтур экранга чыга баштаганда адеп көрүүчү катары көңүлүм толгондой болгон. Келечектуү программадай көрүнгөн болчу. Анан башка бир программага чыгып, сүйлө-гөнүмдө: "Тарбия менен мисалды энелерден алчудай экенбиз. Алар мансап талашпай эле, биринин изин бири чукубай ырдап, бийлешип эле "Шайыр апалар" деген телефестивадь укштуруп алышыптыр. Респуфшкадагы салсий иштердин баарьша дээр-лик катышып башташты. Шаарлар менен айылдарда ак элечектери даңкайган, накта кыргыз кийимчен байбичелердии көбөйө баштаганын дагы өркүндөтүш керек"-дептирмин. Ал сөзүм жетчү ку-лактарга жетсе керек. 2017-жылдагы экинчи айлампасына эксперттикке чакырышты, келдим. Ошондон бери мүчөмүн. Быйыл төртүнчү айлампа-сын өткөрүп алдык.
- Бул программаны кимдер ойлоп таап, кимдер ишке ашырыптыр?
- Программанын автору КТРКнын "Маданият, тарых, тил" каналынын продюсери Назира Аалы кызы. Жардамчылары коюучу режиссёр Назгүл Мусаева, каналдьн баяндамачысы Элмира Тезекбаева. Төрт айлампанын тең алып баруучусу жаш акын Кубанычбек Акбар. Эксперттик топ беш кишибиз. Төрайым Кенжеева Айымкан эжебиз да төрт айлампаны өткөрдү. Бул киши эми, сүйлөп турган энциклопедия. Мүчөлөрдө таланттуу обончу Адылбек Кыязов, ырчылардын мыктысы Гулзат Байзакова, Эл аралык атакка жетишкен Асел Калкановалар бар. Ар жылы бирден облуста Гала-концерт өткөрүлүп аяктайт. Талас, Ош, Ысык-Көл областтарында өткөн. Быйылкы, төртүнчү айлампа Баткен облусунда "Айгүл" ачылган баарда өткөрүлөт. Ошол Гала-концертте уткан областта жеңүучү аталган жамаат (команда) Өлкөнүн Пре-зидентинин 100 000 (жүз миң) сом байгесине ээ болот. Бирок, бир областтын командасы эки ирет утпайт. Мисалы, Баткендеги Гала-концертте Чүй, Жа-лал-Абад, же Нарын областынын өкүлдөрүнүн бири гана утат.
- "Шайыр апалардын" айылдарынан Бишкекке келип-кетишин, Гала-концертке барып-келишин ким каржылайт?
- Заманга шайкеш каржыла-нат. КТРКнын башкы директору, каналдын жетекчилери жерги-ликтүү бийликтерге кат жөнөтүп: "Жардам берип койгула"-деген-дей өтүнүч менен кайрылышат. Алар колдорунан келишинче жардам беришет. Жергиликтүү ишкер уул-кыздар да көмөк көр-сөтүшөт. Анан негизги чыгым шайыр апалардыи үй-бүлөсүнун, уул-кыздарьшын каражаты менен өзүлөрүнөн пенсиясынын жумшалат. Айтор "Көп түкүрсө көл" деген ыкма, Жергиликтүү бийликтерди күнөөлөөгө ооз барбай. Жолдорун, сууларын оңдой албай жатса алар эмнесин бергидей. Бирок өң-чап болсо да, беришет экен, намыс үчүн.
- Программаңар беш жылдан бери өзгөрүүсүз эле бир калыптабы?
Конкурс жандуу организмдей эмеспи. Улам изденишип, жаңылыктар киргизилип турат. Мисалы, быйыл "Адистин кеңеши"-деген медициналык жардам кирди. Аны медицина илимдеринин кандидаты Калия Тогузбаева алып барат. Энелердин ден соолугун, кан басьшдарын, жүрөк кагышын эртең менен текшерет. Дене көнүгүүлөрүн жасатат. Энелер ага атайын спорт форма тигип алышат. Ошону менен катышат. Бишкеисе келерден мурда айыл-дарына барып эки бөлүмдөн турган атайын репортажды Назгүл Мусаева тартып келет. Турмуш-тиричиликтери, кол эмгектери, айыл маданиятын көтөрүүдөгү көрүп жаткан ишмердүулүктөрү чагылдырылат. Эксперттербизден тышкары "Энелердин элеги" деген бөлүмдө 4-5 аял өздөрүнчө талдап олтурушат. Иши кылса, ошол бир сааттык программаны эфирге алып чыгууга 50-60 адам катышат экен.
- Эксперттерге жалыйна тыр? Бир нече миңден алсаңар керек?
- Оо сенин оозуң менен бал ичсек кана, Нурланым! Бир тыйын албаган жалаң төштөрбүз.
- Айылдаштары тарап-тан таанылып келат-канда "Байкап коюңуз, көтөрмөлөп коюңуз"-деген өтүнүчтөр болсо керек?
- "Болбойт", деп ыйма-ныма камчы чабалбайм. Бир-эки жолу болгондо: "Мен го көз жаздымда калтырайын дейм. А те-левизордон көрүп олтур-ган өзүңө окшогон акыл-мандар: "Ушуну көрбөгөн эксперт тупой. Же атайылап эле байкамаксан болду. Бирдеме ала кой-гон да!"-деп эртең эле сөз таратпайбы"-деген жооп берип койгом. Мен 40 жыл милицияда иштегенде аркаман жаман сөз ээрчитпей, анан ушул төрт-беш жылда бузулуп кетиптирминби. Кудайсактасын!
- Анан Сиздердин эмгегиңиздер кандай бааланат?
- Бул дүйнөдө акчадан башка менен баалана турган нерселер бар. Төрайымызбы Алымкан Кенжеева "КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамын, Адылбек Кыязов менен Назгүл Мусаева КР Президентинин Ардак Грамоталарын жакында эле өлкө башчынын өз колунан алышып, биз аларга чогуу кубандык. Албетте, бул сыйлыктар жалаң эле "Шайыр апалар фестивалы" үчүн берилди десем туура болбос. Өлкөнүн, калктын көз алдында мурдатадан иштеген ак эмгектерине мунун дагы кошум-часы болдуда!
Булак: Багыт.kg