www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эс үзүм. Бейпил түн. Жайы менен соввхоздун бизге таңуулап берген тамекисинде иштейбиз. Үйдүн улуусу мен, менден кийин эки иним, үчөөбүз ишке жарап калганбыз. Калгандары бөбөк али. Биздин үйдүн балдары жаш дегенби, иши кылса, элге караганда азыраак, 15 сотых тамеки аласыңар дептир башкарма. Мына ошол 15 сотых жерди эрте жаздан баштап, тырмалай баштайбыз. Тамекинин көчөтүн тикмей, аны суугармай, чөбүн отоп, чаап, иши кылса, бул иттин мээнети менен машакаты көп. Анан жайды жайлай, таң эрте саат 5 те туруп, тамекинин арасындабыз. Күн чыкканча үзүп, түшкө дейре тизип болуп, бир эки саат бейбаштык, шоктук кылганга убакыт болсо, өтүбүз жарылганча суу жээкте сууга түшүп ойноп, анан кечки саат 4 төр чамасында чайдан ичип алып, тамеки аңызды көздөй жөнөйбүз. Кечинде ошол түштөн кийин үзүп келген тамекини тизебиз ийнеге сайып бүт үй-бүлөбүз менен. Саат 8 - 9 да баштасак, түнкү 1- 2 ге чейин чекчейип олтуруп тамеки тизмей. Ошол уйкусуз кечтерде далисте илинип турган союздун кырылдаган радиосунан "Бейпил түн" угабыз. Асман толо жылдыз. Колубуз, чачыбызга чейин тамекинин чайыры, укканыбыз "Бейпил түн". Баары бир жыргал эле ал мезгил. Түндөр да бейпил, күндөр да бейпил эле..

Каныкей Эралиева.

Эсимден эч качан чыкпайт. Ойлосом ошол күндөрдү сагынам. Ал күндөргө болгон жүрөгүмдө толгон кусалык бар. 
Мектептин спорт залынын чок ортосуна балатыны тим эле кооз кылып, жасап орнотушуптур. Айлана кызыл- тазыл шарларга толгон, жылтылдаган гирлянда жана башка жаңы жылдык кооздуктар. Кирип барсам, "күлкү менен шат менен, жаңы жылды тосолу" - деп, ары мээримдүү, ары кулакка жагымдуу кубулжуган үн жаңырып жатыптыр. Бул менин эсимде калган биринчи жаңы жылдык ёлка. Кийин эс тартканда билсем, ошол ырды ырдаган көркөм үндүн ээси Каныкей эже экен. Эжени азыр да көрүп калсам, жаңы жылды эстейм, балалыкты эстейм. Биздин мектептеги ошондогу жыты буркураган жапжашыл арчаны эстейм. Анда Брежнев беле, же Андропов беле СССРдин чоңу.. Унутуп калыптырмын, негедир эсимде жок. А Каныкей Эралиеванын үнү кулагымда дале жаңырып турат...

Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков, Ырыспай Абдыкадыров, Жолдошбек Мамажанов, Бабаравшан Тургунбаев, Токон Эшпаев.

Атам Рабкооптун автомагазинин айдайт. Алыскы тоодогу чабандарга товар ташыйт. Тээ жайлоонун башына чейин барат. Кээде ээрчип, кошулуп алам. Кый, кый, кый деп барып, кыйнала "кыык" деп, алып, обдула тоонун ичин аралай,.кыбырай жүргөн ГАЗ 53 (атам айткан, балам бул ГАЗ 53 деп) деген машиненин ичинде чемодандан саал эле кичине магнитофону бар. Үнүн чоң кылып жаңыртып коюп, өзү кошо кыңылдап ырдап баратканы али күнчө эсимде. Мен ошондо 7-8 деги бала болсом керек. Жанагыл магнитофондо акардиондун коштоосунда ырдалган мукамдуу ырлар, кыска жеңдүү, ичке кара сызыктары бар ак көйнөк кийген атамдын ошол кездеги жылмайган көз карашы көзүмдөн кетпейт. Ошол күндөн ушул күн береги ырлар жүрөгүмдө. Азыр да балдарымды машинага салып алып, алыс жолго чыгып калсам, сөзсүз коюп алам. Бирок, азыркы балдардын не табити башка, не кабылдоосу башка. Баягыда мен атам менен чабандарга товар алып бараткандай жыргап угушпайт, кубанып, кудуңдашпайт. Олуттуу булар. Кээде кезек кезеги менен угабыз. Алага жаккан мен түшүнө бербеген ырды, анан мага жаккан алар түшүнө бербеген ырды... Ушундай аттаа. Булар бизден башкача негедир...

Чубак Сатаев.

7- классты аяктадым. Жайкы каникулду таятаңдыкында өткөрөсүң дешти. Мындан ашык бакыттын кереги жок эле мага. Ал жактагылар совхоз эмес, лесхоз. Иш жок. Токой араламай. Кечке балык тутмай. Гүл термей. Тыт жемей. Кечинде киночу келет мотоциклин дырылдатып. Ак там деген жер бар.(Айылда ошол үй жакшы шыбалып, жакшы акталган) Мына ошол ак тамдын артына ак матасын кере тартып алып, киносун койот. Согуш жөнүндө кино болгондо, аксакалдар, апалар, тайенемдер ыйлашат. 
Индийский кино болгондо биз ыйлайбыз... :) :)
Таңда таятам радио койот. Эртең мененкисин пианинонун коштоосунда бирөө физзарядка кылдырат элдин баарын орусчалап. Бир аздан кийин концерт башталат. Күдөр, күндөр ай, бирге жүргөн түндөр ай деген ырга айыл ичи жаңырат деп кой. Анан кечинде дүкөндүн эшигинде, тамеки жыттанышкан чоң балдар түн киргенче ырдашат ошол ырларды.

(Уландысы кийинчерээк) :)

Шайырбек Абдрахман

Булак:NazarNews.kg

Последние новости