www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Менин жеке пикиримде адамдар өз көңүлүнө жаккан, мыйзамдарды бузбаган, ыйманын да жалмап кетпеген ар кандай майрамдарды тосууга толук укуктуу.  Анын үстүнө инсандар көбүнесе өз жан дүйнө мунарасына туура келген майрамдарды белгилешет...

Мисалы, биринчи класстын окуучусу алиппе майрамын тосот. Ашкабак, көк пияз, же помидордун кийимин жасатып кийип, мектепке барып, күз майрамын тосот. Ал эми тогузунчу класста ошол майрамды тос десең, баягыл балаң сени "ненормальный" эмессизби?- дегендей карайт. Ал учурлардун баалуулугу башка. Демек, башында айткандай адамдар майрамдарды өз дүйнө таанымына жараша белгилешет. Аларды муну тос, тигини тос деп айтуу майнапсыз жумуш. Баарысы жан дүйнөдөн... 

Кайсыл бир майрамда бактылуу жылмайган адамды карап, кошо жылмайышып койгондон өтөрү жок. 
Адам өзүн бактылуу сезгенде анын организминен бактулуулук гормондору бөлүнүп чыгат, ал анын ден-соолугуна аябай пайдалуу. Киши өзүн жеңил сезип, жашоосу кооз көрүнүп, жыргап калат. 
Бир гана нерсе, ичпей, мыйзам бузбай, бирөөгө зыян кылбай, (шайтандап кетпей) көңүлдөрдү калтырбай, жакшы жүргөнгө эч нерсе жетпейт. Эсекерте кетейин! Бул менин жеке оюм. Мүмкүн туура эмес, же туура. Эч кимге таңуулабайм! - деген пикирин, акын, тележурналист Шайырбек Абдрахман билдирди.

Шайырбек мырзанын мындай "кагазды ороп" катыра сүйлөгөнүнө караганда бир мандем бардай. Демек, мындай кичинекей пикирдин артында, чоң саясат жатат...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости