www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдордун үстүнөн соттук ишти карап жаткан судья Айбек Эрнис уулу жөнүндө ойлонуп, кабатыр болдум. Ал да бирөөнүн баласы. Буга чейин бир топ жерлерде ийгиликтүү иштеп, өзүнүн кесипкөйлүгү менен таанылып келген экен. Бүгүнкү жүрүп жаткан соттук процесстердин болсо кебетесин баарыбыз байкап жатабыз. Өмүрүбүздө буга чейин мындайды көрбөгөнбүз дешип, тажырыйбалуу адвокаттар таң калышып турушат.

Судья Эрнис уулу Айбек деле үйүнө барып алып, "өмүрүмдө ушинтип көрбөгөм" деп, түйшөлүп жаткан чыгаар... Көбүнесе адамдардын ички дүйнөсү окшош эле болот. Туура эмес ишке кыжаалат болуу барыбызда эле бар эмеспи..
Менин кабатыр болгонум, саясатчылар өз кызыкчылыгын ойлонушуп, башкы оппоненти Ө.Текебаевди оюндан четке сүрүп таштоонун амалын кылышып ушул ишке барып жатышат. Эртең эле буга тарых баасын берет. Ал турган иш. 
Ал эми бул күрөштө "кол жоолук" болуп жаткан соттордун, болгондо да жаш кадрлардын келечеги кандай болот? Бүгүн адамды ак жеринен соттотуш керек болуп жаткан сотту кийин тарых кантип соттойт?

Шайырбек Абдрахманов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости