www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын көкпарчыларынын утулуп калганы тууралуу Бекболат Тлеухан "Бизде 300 мыкты ар кандай курактагы көкпарчыларыбыз бар. Бул жөн гана ДКО болгондуктан биздин экинчи курам менен оюн көргөздүк. Менин оюмча экинчи курамдагы жаш балдар мыкты оюн көргөздү. Бул дүйнөлүк чемпионат же Азия оюндары болбогон соң экинчи курамдагы оюнчуларыбызды жөнөттүк. А утулуп калганы болсо баары жаш балдар болчу өзбектерге атайын утулуп берген жок,"-деген билдирүүсү соц тармактарда талкуу жаратып жаткан кез.

Алардын бири Шайырбек Абдырахман төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

-Ай тууганым ай! Тилди гана кытыштырасың да! Ушунчалык бечаралыктын кереги бар беле? Көрсө, биз дүйнөнүн чемпионубуз, берегидей фестивалдарда мындай эле командабыз ойнойт деген теңине алгысы келбеген текеберчилик тура жан дүйнөңдө. Фестивалбы, жөн эле тойбу, же дүйнөлүк мелдешпи, оюн деген оюн го акыры. 
Казакстандын көкпар федерациясынын президентинин айтымында ДКО бул жөн эле фестиваль экен. Ага жаш улакчылар эле барып, машыгуудан өтүп келишет имиш.
Ат жалында ойногон Казак эли сени сөгүп жатканы ырас эле болгон тура! А кайран пенде! Казак көкпарды кыргыз менен ойнобогондо Бразилиялык же Англичандар менен ойномок беле? Дүйнөнүн чемпионумун деп кайда барып айгайлайсың бизден башка? Көкпарга кыргыз барбай койсо ким менен ойноп дүйнөнүн чемпиону болосуң жарыктык?

Эмесе сен ошентип жүрө бер! Ал эми "Көчмөндөр оюну" болсо дүйнөнү аралап кетти буйруса!

Айтмакчы, эй көкпардын "президенти"! Сен теңсинбей жаткан жөн эле "фестивалдын" эстафетасын Түркиянын Президенти Эрдоган өзү келип өткөрүп алды! Ал эми сага Аллахым ыйман жана жупунулук берсин! 

P.S.
Кебим катуу болсо, Казак боордошторумдан үзүр сурайм. Биз бир тууганбыз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости