www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата талкуу күч алды. Социалдык тармактагы айрым талкууларды окурмандарга сунуштап турууну чечтик. Кечээтен бери “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясын “карылар” деп, мазактагандарга Шайырбек Маматокторов төмөнкүчө жооп берди.

КАРЫЛАР ЭМЕС, ТАЖРЫЙБАЛУУЛАР!

Кечээтен бери, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курамын "КАРТАҢДАР ҮЙҮ" деп мазактап жатышат. Деги эле, курагына карап мазактоо - АДЕПСИЗДИК! А силер өзүңөр картайбасыңарбы? Курагы бир аз өткөн менен, бул адамдар таза инсандар! Жаш эле туруп, өлкөнү куруткан уурулардан көрө, бул адамдар алда канча өйдө турат. Жакпаса, жаккандарды колдой бергиле. Мен өзүм мүчө болгон "Бир Бол" таза жаштардан турган болсо, "Бүтүн Кыргызстан" да улуу муундун таза инсандарынан куралды.
Анын үстүнө, өнүккөн өлкөлөрдө 60 жаштын тегерегинде гана саясат үчүн бышып жетилишет.

Андан тышкары, бирөөнү жамандап, мазактап күнөөгө баткандан көрө, өзүңөргө жаккан тарапты мактап, соопко калгыла! Ошондуктан, тажрыйбалуу жана таза агаларыбызды сыйлаганды үйрөнөлү! – деп жазды Шайырбек Маматокторов.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

Последние новости