www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Ат-Башы районунда сүттү кайра иштетүүчү ишкана жыл бою иштей турган чоң сүт-товар комплексин курууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ыдайык, бүгүн, 20-августта өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Нарынга болгон иш сапарында анын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Аталган ишкананын уюштуруучусу Самар Өмүракунов өндүрүлгөн продукциялар ички рынокто сатылаарын жана Казакстанга экспорттолорун маалымдады. Ишканада 50дөн ашуун адам иштейт. Өндүрүш кубаттуулугу сезонунда 55-60 тонна даяр продукцияны түзөт. Заводдун сырлары ар кандай эл аралык көргөзмөлөрдө "жогорку сапат" наамына татыктуу болуп келет.
"Ишкананын продукциялары Ат-Башы сүт товарлары бренди менен барган сайын таанымал болууда жана Казакстан рыногунда чоң суроо-талап менен пайдаланылат. Ошондой эле продукциялардын көлөмүн көбөйтүү зарылдыгынан улам Орусия рыногуна да ташып баштоо пландаштырылып жатат. Белгилүү болгондой, Ат-Башы районунун климаттык шартында завод жыл бою иштей албайт. Күз-кыш мезгилинде чийки сүттүн өндүрүшү кескин азаят. Буга байланыштуу сүт заводунун коопсуз жана экологиялык жактан таза сүт продукцияларын чыгарып, алардын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө боло турган сүт-товар комплексин куруу боюнча долбоор ишке ашырылууда", - деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө сүт-товар комплексинин курулушуна Калинин айылынын жанынан 5 гектар жер бөлүнгөн. Учурда курулуш иштери башталды.
Булак: NazarNews.kg