www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трамп - өлкөнүн биринчи айымы, учактан түшүп, колун күйөөсүнө карматпай койду. Бул жагдай камераларга ачык түшүп калган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары бул окуя Бедминстерден Вашингтонго кайтып келе жатканда видеого тартылганын билдиришкен. Учактан түшүп келе жатканда Трамп Меланиянын билегин тартып алууга аракет кылат, бирок ал колун тартып алат. Бул үй-бүлөдөгү биринчи окуя эмес. Мелания Трамп күйөөсү менен 2017-жылы Израилге жана Италияга жасаган иш сапарында ушундай мамиле жасаган.

Маалымат үчүн, алар 2005-жылы баш кошушкан. Дональд Трамп менен 15 жылдан бери үй-бүлө катары жашап келе жаткан Мелания Трамптын ортосунда 24 жаш курактык айырма бар. Мелания быйыл 50 жашка чыкты.

Сунатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости