www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда коомдук тартип бузууларга жол берилген жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, шайлоо учурунда жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузууларга жол бербөө максатында ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү.
Коомдук тартипти сактоо, шайлоо тилкелеринин коопсуздугун камсыз кылуу, жол кыймылынын үзгүлтүксүз жүрүшүн уюштуруу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн ИИМдин бардык аймактык бөлүмдөрүнүн күчтөрү жана каражаттары тартылды.
Милиция кызматкерлери тартипти шайлоо участокторунун ичинде жана анын сыртында да камсыздап, мыйзам талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөп, шайлоо процессин бузууга багытталган аракеттерге бөгөт коюшту.
"Ыкчам штабдар берген маалыматтарга ылайык, добуш берүү мезгилинде коомдук тартипти одоно бузуу фактылары катталган жок, өлкөнүн бардык аймактарында абал туруктуу", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, күн мурун өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү.