www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаты Шайлообек Атазов ИИМдин тергөөчүлөрү Дача СУдагы авиакырсыкка тиешеси жок адамдарды опузалап акча алып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Ал парламенттин жыйынында ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбековго кайрылган.

"Дача СУдагы кырсыкка тиешеси жок адамдарга иш козгоп, мынча миң доллар бербесең камайбыз деп тоногон тергөөчүлөрүңөр бар экен. Аты-жөнүн коомчулукка жарыялабай эле өзүңүздөргө берейин, териштирип койсоңуздар. Тиешеси жок адамдарды жөн эле кыйнап жатыптыр. Ушуну көзөмөлгө алсаңыздар", — деди Атазов.

Жыйында отурган ИИМ башчысынын орун басары бул маселе боюнча жооп берген жок.

Эскерте кетсек, Дача СУ каргашасы 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүгү менен келе жаткан Boeing-747 учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, "Манас" аэропортунун жанындагы Дача СУ айылына кулаган. Анын кесепетинен айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү каза тапкан.

Өткөн жылдын декабрь айында бийлик Дача СУ каргашасы тууралуу тергөө аяктап калганын билдирген.

Ал эми кечээ, 10-майда, президент Садыр Жапаров авиакырсыктын себептерин жана шарттарын изилдөө боюнча коомдук комиссия түзүлгөнүн маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости