www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашхабад бийлиги шаардагы таксисттер үчүн жаңы эрежелерди киргизип, көзөмөлдү күчөттү.

Транспорттук түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн атайын жыйында шаардагы таксилердин ишин жөнгө сала турган жаңы талаптар айтылды. Ага караганда, транспорттук каражаттардын ылдамдыгы саатына 70 чакырымдан ашпоого тийиш; салондо үчтөн ашык киши отура албайт; алдыңкы орунга аялдарды отургузууга тыюу салынат; тыюу салынган белгилердин жанында жүргүнчү алууга болбойт.

Аялдарга алдыңкы жүргүнчү орунга отурууга тыюу салынганы апрелдин аягында маалым болгон. Биринчидерден болуп мындай чектөөгө Балкан облусунун жашоочулары кабылган. “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, эрежелерди бузгандар ири өлчөмдө айып пулга жыгылат.

Бул арада көмүскө такси айдаган айдоочуларга каршы чара күчөтүлдү. Алардын унаасы айып пул төлөөчү жайга жеткирилет. Мындан тышкары айдоочулар 15 суткага камакка алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости