www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан кыргыз айылына коңшу өлкөнүн аскерлери келип зым тартууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Ырысбек Атажанов билдирди.
Эл өкүлү ага Кадамжай районундагы Маркас айыл өкмөтүнүн Арпа-Сай айылынын тургундары кайрылганын айтты.
"Жашоочулар Өзбекстандын чек ара кызматкерлери, ишкерлери Кыргызстандын аймагына кирип арык казып, зым тартып жатат" деп тынчсызданууда. Буга тез арада жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Чек ара кызматы чара көрүшү зарыл", — деди депутат.
Ошондой эле ал бийлик өкүлдөрүнөн жерине барып ушул маселени чечип беришин талап кылды.
Булак: NazarNews.kg