www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улан Ниязбековдун ордуна ким келет?

Акыркы учурларда Ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кертери катуу талкууга алынууда. Коомчулукта бул айтылган кептердин канчалык чындыгы бар, бул жагы азырынча белгисиз.

Ал эми бул боюнча журналист Тилек Рыскулов өзүнүн Facebook баракчасына төмөндөгүдөй пикирин калтырган:

«Ички иштер министри, генерал-лейтенант Улан Ниязбеков башка министрлерге салыштырмалуу жакшы иштеп, рейтинги көтөрүлүп жатты эле.

Бирок министрдин жакшы иштерин көрө албаган айрымдар, ар кандай жолдор менен каралоого аракет кылып жатышат.

Алсак, акыркы күндөрү социалдык тармактарда аты-жыты белгисиз РИИБдин кызматкерлери өлкө башчысына кайрылган тоголок каты жарыяланды. Анда жазылгандар «жарымы төгүн, жарымы чын, жарандардын көөнү үчүн» - дегендей эле жазылыптыр.

Жакынкы күндөрү министрден акыркы убактагы ИИМдеги абал, өзгөрүүлөр, кемчиликтер боюнча кенен маек алганга аракет кылам. Кудай буйруса көп суроолорго чекит коюлат».

Эске салсак, Улан Ниязбеков 2020-жылдын 11-октябрынан бери ички иштер министри болуп иштеп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости