www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө кечээ, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо өттү. Мыйзам боюнча 30 округдан үчтөн депутат шайланып, мандаттардын кеминде бири айым талапкерге берилет. Демек, парламентке 30 айым келиши керек. Учурда алдын ала жыйынтыктар чыгып, жаңы чакырылыштын болжолдуу тизмеси түзүлүүдө.
Ал эми автоматтык эсептөөчү урналардан алдын ала маалыматы боюнча эң көп добуш алган айымдардын алгачы ондугун төмөндө тизмектейбиз:
Элвира Сурабалдиева — 8 919 добуш же 25,37 пайыз (№23);
Айгүл Карабекова — 8 839 добуш же 12,82 пайыз (№13);
Медина Кайрылбекова — 8 179 добуш же 16,57 пайыз (№16);
Рахат Жунушбаева — 5 948 добуш же 12,40 пайыз (№28);
Таалайбек кызы Жылдыз — 5 945 добуш же 12,36 пайыз (№30)
Гүлшаркан Култаева — 5 896 добуш же 12,34 пайыз (№14);
Гүлсүнкан Жунушалиева — 5 814 добуш же 12,67 пайыз (№29);
Жамиля Исаева — 5 784 добуш же 11,45 пайыз (№26);
Камила Талиева — 4 879 добуш же 9,90 пайыз (№1);
Гүлкан Молдобекова — 4 851 добуш же 9,11 пайыз (№27).
Бул алдын ала жыйынтыктар автоматтык эсептегич үкөктөрдөн алынган маалымат жана юридикалык күчкө ээ эмес. Шайлоонун расмий жыйынтыгы кол санак бүткөндөн кийин чыгарылат.