www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоого тойбой калдык, 10-апрелде кайра шайлоо болорун БШК жарыялады.

БШКда Жапаров көкөлөткөн, бирок ким президент болбосун терисин тескери жамынып, хамалеончо өзгөрүлгөн Шайлдабекова бекем отурат. БШКнын айтымында бардык жерде шайлоо болбойт, кээ бир гана жергиликтүү шайлоо округдарында шайлоо болот. Жалал-Абад облусунда: Көк-Арт, Кара-Жыгач, Таш-Көмүр, Токтогул, Ысык-Көлдө: Кажы-Сай, Нарында: Тоголок Молдо, Казыбек, Ошто: Юсупов, Ак-Таш, Төлөйкөн, Чүйдө: Сокулук, Александров, Жаңы-Алыш, Көк-Ойрок, Кара-Булак айылдык кеңештеринде. Деги жергиликтүү кеңеш депутаттары эмнени чечет. Жергиликтүү кеңеш депутаттарынын статусу жөнүндө 12-беренеде төмөнкүлөр жазылган:

• депутат ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштерин текшерүү жөнүндө маселе көтөрө алат;

• ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин менчигинин түрүнө карабастан мамлекеттик органдарды жана жарандардын бирикмелеринин (финансы-чарбалык иштерди, соттордон сырткары) ишин текшерүү зарылдыгы жөнүндө маселе коюуга укуктуу;

• мамлекеттик органдарга депутат баяндаган фактылар боюнча текшерүү жүргүзүү сунушталат. Ыйгарым укуктуу орган текшерүүнүн натыйжасын жергиликтүү кеңешке же сунуштаган депутатка берет. Ал боюнча жооптуу жетекчилерине чара колдонуу маселесин көтөрөт.

Кайсы органдарга сес көрсөтүп, токтоосуз кирип бара алат: Депутаттык ишине байланыштуу өз аймагындагы мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийликке жана жарандардын бирикмелерине, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга токтоосуз кирүүгө укуктуу. Аларды жетекчилер жана башка кызмат адамдары кечиктирбей кабыл алышы шарт.

шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери депутаттык укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана башка маалыматты беришет.

Бирок депутаттын иши мамлекеттик сырга же мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырга байланышкан мекемелерге келип-кетүү тартиби ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.

Депутат төбөдөн ары бирди жесе, ким болушат?

Конституцияда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын эч кимдин чектөөгө укугу жок.Мамлекеттик органдар, мэрия жана жарандардын бирикмелери, ишкана, мекеме, уюмдар, алардын кызмат адамдары депутаттардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

Депутаттар деле жоопкерчилик тартышат, шайлоочулар өз депутаттарына сунуш-талап бере алышат. Ал шайлоо округунун элинин алдында жоопкер жана аларга отчёт берип турат. Депутат өзүнүн аймагында жайгашкан жана шаардык кеңешке отчёт бере турган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөгө жол берилбейт. Депутаттан ишинде жүрүм-турум эрежелерин, өз беделин сактоо, башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана беделин сыйлоо талап кылынат. Ошондой эле тиешелүү жергиликтүү кеңешти, шайлоочуларды жана бүтүндөй мамлекетти жаманатты кылган аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан сактанууга тийиш. Депутаттык мандатты жеке максаттарда пайдаланууга жол берилбейт. Депутаттык этика кодексинин талаптарын сактоого милдеттүү.

Депутаттар кимдердин “терисин тескери сыйрый алат”?

• шаардын мэрин же айыл өкмөтүн шайлоо жана ага ишеним көрсөтпөө;

• салыктын базалык ставкалардын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларын белгилөө;

• мэриянын аппаратын кошпогондо, вице-мэрлерди, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү;

• шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси менен чечимдерди кабыл алуу. Бул аларды ээлеген кызмат орундарынан четтетүүгө алып келет.

• жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;

• жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы жана бюджеттен сырткаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;

• аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө;

• жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле КР мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

• муниципалдык менчикти пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо. Анын ичинде муниципалдык объектилерди менчиктештирүү программаларын бекитүү, пайдаланышын көзөмөлдөө;

• тиешелүү жетекчилердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө отчётун угуу;

• фракциядан чыккан учурду кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

• жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;

• мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

• шаардык кеңештин төрагасын, анын орун басарларын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, кеңештин төрагасынын КР мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;

• өкмөт тарабынан аныкталган ченемдердин негизинде жергиликтүү бийликтин аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;

• муздак сууну, канализация, жылуулук, таштанды үчүн тарифтерди бекитүү;

• алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки сатууга, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрдү киргизүү;

• ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;

• жергиликтүү жамааттын уставына жана КР мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.

Органдарды кандай учурда «шишкебектей» алат?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости