www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Нью-Йорктогу БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева Борбордук Азиядагы лидер аялдардын диалогунун субрегионалдык консультацияларына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Касымалиева аталган диалогдо Кыргызстандын расмий өкүлү. Бул субрегионалдык консультациялар 2022-жылдын 14-25-мартында боло турган Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 66-сессиясына даярдык көрүү максатында өткөрүлдү.

Иш-чарага БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Борбордук Азиядагы превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Наталья Герман, БУУнун Аялдар уюмунун Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Алия Эль-Ясир, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн жана парламенттеринин өкүлдөрү катышты.

Аида Касымалиева өз сөзүндө климаттын өзгөрүшүнө, ошондой эле өлкөнүн географиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тоолуу жана айыл жергесиндеги аялдардын ролун белгиледи. Ал өлкөнүн тоолуу аймактарын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылды Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланганы тууралуу билдирди. Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы 2022-жылды Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы деп жарыялагандыгын айтты.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидер аялдарынын диалогу формалдуу эмес аймактык аянтча болуп саналат. Анын негизги максаты – аймактагы аялдарга колдоо көрсөтүү, алардын саясий, экономикалык жана социалдык ролун жана ыйгарым укуктарын жогорулатуу, туруктуу өнүгүүгө байланышкан маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу процесстерине чоң таасирин тийгизүү. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидер аялдарынын диалогу быйыл Түркмөнстандын төрагасынын астында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости