www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров социалдык тармакка мамлекеттик кызматкерлердин маянасы көтөрүлөрү туурасында билдирүү жазды.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Эгемендик алгандан бери топтолгон карызыбыз 5 миллиард долларга жакын болуптур. Эми аны кайра кайтаруу мөөнөтү менин президенттик мезгилиме туш келип отурат. Эч маселе жок, толук төлөп беребиз. Төлөп бергенге каржы булактарыбызды жана пландарыбызды дагы аныктап койдук", — деди Жапаров.

Президенттин сөзүнө караганда, динамика көрсөтүп тургандай, үстүбүздөгү жылдан баштап 2026-жылга чейин эң жогорку сумма — 350 миллион доллар төлөнөт.

"Андан кийин төлөм кайра ылдыйлап олтуруп, 2030-жылдар менен төлөп бүтөбүз. Менин айтайын дегеним, ушул акча каражаттарын эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүүгө колдонсок, ар бир мамлекеттик кызматкер жок эле дегенде миң доллар эмгек акы алып иштеп калмак экен. 1-апрелден баштап эмгек акыларды көтөрөбүз, бирок, албетте, миң долларга жеткире албайбыз. Казынабызга жараша максималдуу түрдө көтөргөнгө аракет кылабыз", — деп сөзүн аяктаган ал.

Эске салсак, буга чейин министрлер кабинетинен билдиргендей, апрелде бюджеттик кызматкерлердин маянасы толук көтөрүлөрү пландалып жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости