www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Польшага 250 танк сата турган болду

АКШнын аткаруу бийлиги Польшага 6 млрд. долларлык курал-жарак жана аскердик техникаларды, алардын ичинде Abrams үлгүсүндөгү 250 танк сатуу тууралуу макулдашуу кабыл алды. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин 18-февралда Варшавадагы сапары учурунда кабарлады.

Макулдашууну эми конгресс да жактырышы керек. Андагы эки партия тең Польшага ылым санагандыктан документ толук бекилет деп күтүлүүдө.

Остин өз билдирүүсүндө Украинанын тегерегинде топтолуп жаткан орус аскерлери тууралуу кеп кылып, бул аталган чөлкөмдө коркунуч жаратып жатканын белгиледи.

“Ал күчтөрдүн кайсы бир бөлүгү поляк чек арасына да жакыныраак турат десек болот. Эгер Орусия Украинага кол салса ондогон украин жарандары жана башкалар согуштук аракеттерден өздөрүн коргоо үчүн Польшанын чек арасына өтүп келишет”,-деди Ллойд Остин.

АКШ НАТОдогу өнөктөшү – Польшага танктардан сырткары ракеталык коргонуу жабдууларын да алып келгени турат. Вашингтон поляк жергесине ушу кезге чейин беш миңдей жоокерин жана истребителдерин кошумча алып келген.

30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошууну тездетүү маселеси былтыр жайда каралган. Орусия ага каршылык билдирип, Украинанын чек арасына аскерлерин жыйнай баштаган. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. Кремл аны четке кагып келатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости