www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жыйын куруп жатып Киев режиминин РФ аймактарына чабуул жасоо аракеттерин акылга сыйгыс жана кылмыштуу кадам деп атады.

Өлкө башчы Россиянын чет-жакасына бир катар диверсиялык-террордук чабуул жасалганын, мунун баары президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатын көздөй турганын белгилеген.

"Кимди коркуткусу бар? Орус элинби? Россиянын көп улуттуу калкынбы? Эч убакта мындай болгон эмес, болбойт дагы", — деди Путин.

РФ лидери каршылаш тарап акыркы чабуулунда 2,5 миңден ашуун аскер, 35 танк, 40ка чукул сооттолгон автоунаа колдонгонун белгиледи. Путиндин айтымында, душмандын мизи бардык жерде майтарылып, өздүк курамдын 60 пайызын жоготуп, техниканын жарымынан кол жууган.

"Элибиз азыркыдан да бекем бир муштумга түйүлүп жооп берерине ишенем", — деди мамелкет жетекчиси.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости