www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан №48 дарегинде жайгашкан объекти мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок өз алдынча курулганы аныкталган.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, натыйжада мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн "Хан строй" ЖЧКга карата мыйзамга ылайык, текшерүү актысы жана укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, 200миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Мамкурулуш КР министрлер кабинети тарабынан көп батирлүү үйлөрдү жана башка кыймылсыз мүлктөрдү курууда жеке жана юридикалык жактардан финансылык каражаттарды тартуунун шарттары жөнүндө жобо бекитилгендигин маалымдайт.

"Бул жобо курулушту баштоодон мурда уруксат берүүчү документтердин толук пакетин берүү менен курулуп жаткан объектилердин реестринде курулуш объектисин каттоо зарыл. Ушуга байланыштуу көп кабаттуу үйлөрдүн кыймылсыз мүлкүн сатып алардан мурда Мамлекеттик курулуш агенттигинин курулуп жаткан объектилердин реестрине каттоого өзгөчө көңүл буруу керек", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости