www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупцияга айыпталып, апрелдин башында кармалган жана Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 16-майга чейин камакка алынган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиев жакынкы күндөрү үй камагына чыгышы мүмкүн экени айтылууда.
Ал «Кыргызнефтегаз» ишканасында коррупциялык схема түзүп, мамлекетке 4,1 миллиард сом зыян келтирген деген негизде камакка алынган.
Натыйжада, келтирилген 4,1 миллиард сом зыяндын ордун толтуруп берип, тергөө менен кызматташуу келишиминин алкагында үй камагына чыгышы мүмкүн экени сөз болуп жатат.
Бул окуянын өзгөчө көңүл бурдурган жагы, коррупцияга каршы катаал мыйзам анын агасы Камчыбек Ташиев УКМКны жетектеп турган мезгилде кабыл алынганы. Андагы негизги принциптердин бири, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы коррупциялык кылмыштар үчүн өмүр бою мамлекеттик кызматка тыюу салуу жана келтирилген зыян толук төлөнгөн күндө дагы эркинен ажыратуу жазасы белгиленген мөөнөттүн жарымын абакта милдеттүү түрдө өтөмөйүн, үй камагына чыгарууга болбой турганы так жазылган.
Мыйзамга ылайык, күнөөнү моюнга алып, мамлекетке келтирилген зыянды толук төлөп берген учурда дагы айыпталуучу толук жоопкерчиликтен бошотулбайт. Тескерисинче, сот жаза мөөнөтүн жеңилдетиши мүмкүн болгону менен, эркинен ажыратуу чарасы мыйзамда сакталган. Башкача айтканда, материалдык чыгымды төлөө автоматтык түрдө кылмыш жоопкерчилигин жоё албайт.
Эске сала кетсек, кечээ, 12-майда Шайырбек Ташиевдин бир тууганы агасы УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге байланышкан кылмыш иши дагы сотко өткөнү маалым болду. Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Башкы прокуратура айыптоо актысын бекитип, иш Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөнүн Ташиев менен жети адам айыпталганын билдирди.
Тергөө материалдарына “жашыруун” деген макам берилгендиктен, соттук процесстер жабык форматта өтөт. Адвокаттын маалыматына караганда, экс-төрага “бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” жана “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренелери боюнча күнөөлөнүүдө.
Ошентип, учурда Ташиевдерге байланышкан эки өзүнчө иш өлкөдөгү эң резонанстуу саясий-укуктук процесс катары коомдун көңүл чордонунда турат.