www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын январь–апрель айларында Кыргызстандан экспорттолгон сүт азыктарынын көлөмү 11 799 тоннаны түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1 688,2 тоннага көбөйдү. Өсүш болжол менен 16,7%ды түзгөнүн тармактык түзүмдөр билдиришти.

Айрыкча кычкыл сүт азыктары сегментинде олуттуу өсүш байкалган. Курут, кымыз жана башка улуттук суусундуктардын экспорту 3,6 тоннадан 116,5 тоннага чейин өстү.

Ошондой эле сүт азыктарынын айрым түрлөрүн экспорттоо көбөйгөн. Тактап айтканда, сүттүн сары суусунун экспорту 164 тоннага, майсыз кургак эчки сүтү 17,6 тоннага, сүт коктейли 2,2 тоннага, каймак 1,6 тоннага жеткен.

Муну менен катар айрым позициялар боюнча экспорт көлөмүнүн төмөндөшү катталган. Алардын ичинде сары май, кургак сүт, сыр жана балмуздак бар.

Жалпысынан сүт тармагында экспорттун оң динамикасы сакталууда. Тиешелүү мекемелер жаңы продукция түрлөрүнүн тышкы рынокторго чыгышы жана ассортименттин кеңейиши тармактын мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилешүүдө.

Последние новости