www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-ноябрь күнү таңкы саат сегиз чамасында Караганды облусунун Абай шаарындагы "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына караштуу шахтада адам өмүрүн алган кырсык катталды.

Метан газынын исинен алты киши каза болуп, эки адам оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Окуя маалында шахтада 64 жумушчу иштеп жаткан. Алардын 56сы жер алдынан качып чыгууга үлгүргөн.

Облустук Саламаттык сактоо башкармалыгы Карагандыдагы Макажанов атындагы ооруканага 58 жана 61 жаштагы эки шахтер түшкөнүн кабарлады.

– Газдын исине ууланган эки бейтап тең жандандыруу бөлүмүндө. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө, – деди башкармалыктын маалымат кызматы.

Бийлик куткаруу иштери уланып жатканын билдирди. АМТ компаниясы менен Караганды облусунун акими каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтышты. Кырсыктын себеби иликтенүүдө. Атайын мамлекеттик комиссия түзүлдү.

Караганды облустук полиция департаменти Кылмыш кодексинин “Тоо-кен жумуштарын жүргүзүү учурунда коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча иш козголгонун, тергөө башталганын кабарлады.

"Абай" көмүр кенинде 2008-жылы да ушуга окшош кырсык катталган. Анда метан газы жарылып, 30 кишинин өмүрү кыйылган. Алардын көбүнүн сөөгүн жер үстүнө алып чыгууга мүмкүн болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости