www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда Трэвис Скотт аттуу рэпердин концертинде көрүүчүлөр жөөлөшүп, түртүшүп, анын кесепетинен сегиз киши каза болуп, 13 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу РИА Новости Хьюстон шаарынын мэри Сильвестр Тернердин айтымына таянып кабарлады.
Техаста рэпер Трэвис Скотт уюштурган Astroworld Festival музыкалык фестивалы өтүп, ага 50 миңдей адам келген. Ырчы кырсык боюнча тергөө иштеринде Хьюстондун милициясы менен кызматташып жатканын айткан.
Хьюстон шаарынын мэри жөөлөшүп, түртүшүүдөн тебелендиде калып көз жумгандар болгонун айтып, арасында өспүрүмдөр бар экенин билдирген.
"Көз жумгандардын арасынан бирөө 14, экинчиси 16 жашта болуп чыкты. Экөө 21, дагы экөө 23 жашта экени аныкталды. Эң улуусу 27 жашта. Бир адамдын ким экени тактала элек. 25 көрүүчү ооруканага жеткирилген, 13 адам бул күндөрү ооруканада", — деген мэр.
Тернер концерт учурунда көрүүчүлөрдүн коопсуздугун 1 200 полиция кызматкери камсыз кылганын белгилеген.
Өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрүнүн айтымында, жума күнү кечки саат 21:00 чамасында топтошкон көрүүчүлөр сахнага жакындай баштаган. Адамдар бири-бирин жөөлөп, жыйынтыгында эл дүрбөлөңгө түшкөн, айрымдары эс-учун жоготуп койгон. 300дөн ашык адамга медициналык жардам ошол жерде көрсөтүлгөн.
Булак: NazarNews.kg