www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаки Акылбек Жапаровдун былыгын ачыкка чыгарды

"Аю холдингдин" ишканасынын ээси, учурда бозгунда жүргөн ири ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Кыргызстандын саясатындагы өзүнүн башынан өткөргөн окуяларын жана курамына 40ка жакын орто жана чакан бизнес ишканалары кирген компаниясын, бизнесин Камчыбек Ташиев кантип тартып алганы туурасында коомчулукка белгисиз болгон бир топ жагдайлардын бетин ачкан “Таңдан күүгүмгө” аттуу мемуар жазып, интернет айдыңы аркылуу жарыялап жатат.

Шаршенбек мырза азыркы кезде Лондондо экенин, 2020-жылдан кийинки мезгилде башына оор сыноолор түшүп, коркутуп-үркүтүүлөргө тушугуп бизнесинен айрылганын, бул аралыкта ден соолугу менен алышып, беш жолу операция болуп, инсульт, инфарктты башынан өткөргөнүн жазат.

Мына ушул эскерүү мамуарында өтө кызыктуу бир маселеге көңүл бурат. Анда ал 2010-жылдагы бийлик алмашкан окуялардан соң Феликс Кулов чакырып, Акылбек Жапаров экөө аны "Ар-Намыс" партиясына кирүүгө үндөгөнүн, ошол жерден Акылбек Жапаров эгер партияны каржылап акча салып, демөөрчүлүк кылса, кийин ал каражаттарын тендер аркылуу өндүрүп алса болорун айтканын белгилейт.

Мындан эмнени түшүнсө болот? Шаки өз сөзүнүн төркүнүндө Акылбек Жапаровдун жогорку кызматка барган чиновник, депутат мамлекеттик казынадан акча жасаса болорун айтып жатат. Образдуу айтсак, май кармаган бармагын жалайт болгон Жапаровдун “коррупциялык максатын, ниетин”, акчаны кантип чыгарып кетсе болоору туурасындагы схемаларды жакшы билерин ачыкка чыгарып, бетин ачты десек жарашат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматынан да мамлекетке 30 миллиардык зыян келтирген Салык тармагындагы коррупциялык схемага тиешеси бардыгы айтылып (Камчыбек Ташиев өзү айткан жайы бар) иштен алынып, бирок мыйзам чегинде башкалар тарткан катаал жазадан кутулуп кетти. “Айран ичкен кутулат, аяк жалаган тутулат” болду. Канткен менен “отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” дегендей бар экен. Эдил Байсалов айтмакчы, кылы кыйшайган жок. 

Өкүнүчтүүсү, качан болсо суудан кургак чыгат. Жоопкерчиликти сезбеген Кыргызстандагы анык кол тийгис ыйыктардын бирине айланды. Эгемендүүлүк алгандан бери саясатта жүрөт. Президенттиктен башка бар болгон үлкөн кызматтардын баарын аркалады. Ошол эле кезде ишмердиги, баскан изи тууралуу күмөн жараткан, шектүү, коррупция жыттанган маселелерге байланыштуу аты чуулгандуу окуяларда көп жолу айтылып, жазылып келе жатат. Муну менен кызматта, саясатта жүргөндөрдүн дээрлик баары алды бир, арты эки-үч сыйра камалып, “кусуп” чыкты. Бир гана Жапаров “ак карга”. 

Акылбек Жапаровду мынчалык эркелетип тайраңдаткандай, кыргыз элинин кандай күнөөсү бар? Былыгы булайып чыгып, “шакмары” шалдырап жүргөнүнө карабай, мыйзамга сыйбаган жосунсуз кылык-жоруктарына көз жума бергидей “касиет жылоологон шылуун” болсо дагы эмне болуптур? Акыры чек болуш керек го? Же эмне Кыргызстандын жашоо-тиричилиги, элибиздин бактысы жападан жалгыз Жапаровго байланып калыптырбы? Башка колго илинер эч ким жокпу? Ийри таяктан түз көлөкө түшпөсүн качан түшүнөбүз?

Дегенибиз, жыргатып койгонсуп, кийинки президент мен болом деген амбициясын уккандар, жакаларын кармап тобо келтирип, жерге үч түкүргөнгө аргасыз. “Бүкүрдү көр түздөйт” деген орустун таасын айтылган макалы бар. Андыктан Акылбектин орду тактыда эмес, абакта болсо жараша турган жерде негизи.

Албетте, элибиз “сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт” деп айткандай, түз жерден багелегине чалынып, оңкосунан түшкөндөр турмушта көп кездешет. Анткени Жараткандын ооматын көтөрө албай, жеке мүдөөсү үчүн элге ак кызмат кылсын деген аманатка кыянаттык кылгандардын түбү жакшы болгон эмес.

Последние новости