www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ кооптуу аймактардан сак болууга чакырат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-марттан 31-мартка чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталары жана жаан-чачын күтүлөрүн билдирди.

Маалыматка ылайык, бул мезгилде республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел, кар көчкү жана таш кулоо сыяктуу кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү ыктымал.

Өзгөчө төмөнкү унаа жолдорунда коркунуч жогору болору белгиленди:

Бишкек – Ош унаа жолу (9–441-чакырымдар);
Балыкчы – Ананьево – Каракол (28–36, 101–220-чакырымдар);
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол (64–120-чакырымдар);
Бишкек – Торугарт (56–134-чакырымдар);
Каракол – Эңилчек (8, 38, 45–97-чакырымдар);
Барскоон – Ак-Шыйрак (57–208-чакырымдар);
Бишкек – Нарын – Торугарт (289–468-чакырымдар);
Ош – Сары-Таш – Эркечтам (10–240-чакырымдар);
Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык (7–133-чакырымдар);
жана башка тоолуу аймактардагы унаа жолдор.

ӨКМ жарандарды коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Айрыкча, аба ырайы туруксуз болуп жаткан учурда тоо койнунда эс алуудан убактылуу баш тартып, алыскы сапарларга чыгууда этият болуу сунушталат.

Последние новости