www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соң-Көлгө миллиондогон балык чабактары коё берилди

Соң-Көлдө жаратылышты коргоо жана балык ресурстарын көбөйтүү багытында кезектеги маанилүү кадам жасалды. Бул ирет көлдүн экосистемасын чыңдоо максатында ири көлөмдө балык чабактары коё берилип, адистер тарабынан комплекстүү иштер жүргүзүлдү.

Соң-Көл көлүнүн жаратылыш байлыктарын сактоо жана балык ресурстарын көбөйтүү максатында ири көлөмдөгү экологиялык иш-чара уюштурулду. Анын алкагында көлгө жалпысынан 4 миллион 200 миң даана сига балыгынын чабактары коё берилди. 

Бул иш-чара Соң-Көл балык чарба департаменти жана Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу тарабынан биргелешип жүргүзүлүп, жаратылышты коргоо жана туруктуу пайдалануу багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп калды.

Чабактарды көлгө жеткирүү процесси да бир топ татаал шарттарда ишке ашырылды. Алар Тескей-Торпу ашуусу аркылуу ташылып келип, Соң-Көлгө коё берилди. Аба ырайынын катаал шарттарына карабастан, адистер бардык талаптарды сактоо менен балыктардын аман-эсен көлгө жетишин камсыз кылышты.

Каратал-Жапырык коругунун кызматкери Каниет Исмановдун белгилөөсүндө, «Сига балыгы Соң-Көлдүн экосистемасына ылайыкташкан жана көлдүн биологиялык тең салмактуулугун сактоодо маанилүү роль ойнойт. Чабактарды көбөйтүү аркылуу келечекте балык кору артат, бул болсо аймактагы балык чарбасын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калктын киреше булагын кеңейтүүгө шарт түзөт»-дейт.

Мындан тышкары, мындай иш-чаралар мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу, жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу жана экологиялык аң-сезимди жогорулатуу багытында да чоң мааниге ээ.

Соң-Көл – Кыргызстандын уникалдуу тоо көлдөрүнүн бири катары өзгөчө коргоого муктаж. Ошондуктан мындай демилгелер жаратылышты сактоо менен бирге, келечек муундар үчүн баалуу экосистеманы коргоого багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.

Последние новости