www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурлан Шакиев кесиптештерин айрым маселелер боюнча добуш берүүдөн баш тартпоого чакырды.
Анын айтымында, депутат өз позициясын "макул" же "каршы" деп добуш берүү менен билдириши керек.
«Акыркы убакта кээ бир депутаттар трибунага чыгып кооз сүйлөп, бирок добуш берүү учурунда позициясын билдирбей, залдан чыгып кетип жатышат. Макул же каршы добуш бериңиз. Биз жоопкерчиликти алышыбыз керек. Бизди шайлоочуларыбыз добуш бербестен жыйындан чыгып кетишсин, деп шайлаган эмес. Андыктан депутаттык милдетти так аткарсак», - деди Нурлан Шакиев.
Белгилей кетсек, Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков, Эрулан Кокулов жана Нуржигит Кадырбеков 31-октябрдагы Эл аралык коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин жыйынынан Өзбекстан менен Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча келишимге жол бербөө үчүн чыгып кетишкен.
Булак: NazarNews.kg