www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаменди кыргыздардын «ханы» Шабдан да сыйлаган

Орустар келгенде бийликке жеткен Шабдан. Шабдан баатыр ак падышанын амирине кызмат кылган кыргыздардын хан-бектеринин шаасы эле. Бир ирет Кочкордогу сарбагыш туугандарына келип Шамендин сыйын көрүп калат. Сөз арасында: «Кимдин баласы мыкты чыкты?» деген сөз болот. Чолпонкул манап айыпка жыгылып соттолгондо он беш жаштагы баласы анын артынан тымызын ээрчип жүрүп, аны алып бараткан желдеттерди ичирип мас кылып, Чолпонкулду качырып жиберген экен.

Шабдан сөз кезегин алып, Байтиктин уулу Байсалга эч ким жетпейт дейт. Шабдан Байтиктин артынан жамандап отуруп, Алматыдагы жандыралга айтып каматып салат. Байсал аны бошотууга жөнөп, жолдон Шабданга келет, өзү каматса, өзү кантип бошотууга барат эле, ар кайсы шылтоону айтып, Шабдан барган эмес. Байсал Алматыга барып, Байтикти бошотуп келатып, жандыралдан Шабдан кырк жылкы мингизсин деген кат жаздыра келет. Шабдан кырк жылкы мингизет. Кийинки жылы кырк жылкымы кайтарып бер деп суратып жиберсе, жылкыларың жолдон өлүп калган деп бербей койот.

Байтиктин ашында солтолор Шабдандын бир кишисин өлтүрүп салышат. «Мунун кунун качан бересиңер?» -дейт Шабдан, «Досуңуздун ашы өтсүн, андан кийин сүйлөшөрбүз» -дейт. Байсал ал сөөктү сарбагыштардын айылына таштатып салат. Аш бүтөт, Шабдан кун доолап келсе, Байсал танып, сарбагыштар бириңерди - бириңер өлтүрүп алып бизден көрө бересиңерби?» деп койот. 

Кийин Байсалдын агасы Өзбектикинде отуруп Шабдан кунду доолап калат. «Солтолор качан сарбагышты өлтүрдү эле» -деп качуу ачуланганда мурдунан кан атып кетет. Алдына чылапчын тосо калышат. «Канга -кан»- деп Шабдан доолаганын токтотуптур.

Акылман Шамен насыят сөзүн айтып Шабдан Чыныбай баш болгон бугулардын сазайын берерде сактап калган.  Бийлердин төрагасы солтодон Байтик болуп, он күн чамалуу бугу топко чакырылбаган. Кеңешип бугу кача турган болгондо, муну билген соң Байтик менен Шабдан сүйлөшүп, Шаменге акылга келген. Шамен: ”Ээ… эки мырза, топ кандай болуп жатат?”- дегенде Байтик: «Топ курусун, мааниси болбоду бугуга жаман болуп кетти», — дептир анда Шамен:

- Ханга кун жок, Ормонду бир тууган бугулар өлтүрдү. Анын кунун кууйбуз деп, жарабыз жаңыдан эле айыкпады беле? Бугу элинин тартпаган азабы канча, эми тынчый баштаганда бул оюнду токтот.

— Сарбагыштар Ормон хандын кунун алалбай калды деген сөз болуп атат…- деди Шабдан баатыр.

— Мейли, бугу эли биз кыйындыгыбыздан сарбагыштарга кун берген жокпуз деп айтып калаар. Сарбагыштар биз кыйындыгыбыздан Ормон хандын кунун кечтик деп айтып калаар. «Коёнду камыш. Эрди намыс өлтүрөт» дейт. Эки элди кайрадан чабыштырбай, ушул доону топтон алып сал! - дептир Шамен Шабдандын көзүнө тике карап.

Ормон хандын кунун доого койсом, Шамен жакын тууганы эмеспи, колдоп кетер деп ойлогон Шабдан баатыр бир азга ыңгайсыз абалда тунжурай түшүп үн катты:

— Айтканыңыз туура элдин ынтымагын ойлойлу, Ормон хандын кунун топко салбайм.

Ошентип, Шамендин акылмандыгы менен Ормон хандын кунуна чекит коюлган экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Последние новости