www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Препараттарды каттоо электрондук форматка өтүп, онлайн системасы ишке киргендигин дары-дармек департаментинин жетекчиси Гүлмира Шакирова жар салган эле. Анан да,дарыларды каттоо, өлкөгө ташып кирүү боюнча билдирмелер автоматташтырылган программага киргизилип, түздөн-түз департаменттин бөлүмдөрүнө түшөөрүн баса белгилеген жайы бар.

Бирок мекеме жетекчисинин сөзү менен иши дал келбей жатканы айтылууда. Автоматташтырылды делген каттоо системасы иштебей эле ирип жаткандыгы сынга алынууда. Мындан улам, "Гүлмира Шакированын системасы кайсы багытта иш алып барып жатат" - деп чет элдик компаниялардын да эстери ооп жатыптыр.

Себеби булар каттоо процесстерин атайын чоюп, атайын келип учурашып, ыраазычылыгын кылып кетпеген компанияларды "кезек күткүлө" деген шылтоо менен жолго салышат экен.

Мунун кесепетинен дарыканаларда айрым дарылардын тартыштыгы байкалган. Анткени "аке-жакелеп" шапка берип көрбөгөн акыркы технологиялар менен эң мыкты сапаттагы препараттарды жасаган айрым европалык ири компаниялар "тойдук байдын кызына" деп кол шилтеп кетип жатышыптыр.

Ал эми ооруканалардагы дарыгерлер мындай проблемалар улана берсе, бейтаптарды дарылоодо керектүү, башкысы сапаттуу дарылар табылбай, чоң көйгөй жаралышы мүмкүн деп беймаза.

Дары-дармек департаменти эмнеге элди ойлобой бара жатат? Булардын эптеп-септеп будамайлап акча жасоо аракети карапайым калкка тескери таасирин тийгизбеши керек.

Айтмакчы, канча мезгилден бери кезекте турган дарылар каттоодон өтпөй, айрым дарылар дароо каттоодон өтүп кетип жаткандыгы эмнени каңкуулайт? Бул боюнча укук коргоо органдары атайын иликтөө жүргүзүп, тармактагы коррупциянын канатын кайрышпаса, жыйынтыгы абдан оор болот.

Булак: Фабула

Последние новости