www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дары-дармек департаментинин директору Гулмира Шакирова кайсы бир маалымат булагына отчет берип, бардык ишти өзү жасап жаткандай сүйлөп салыптырго чиркин! Кесиби экономист болгондуктанбы, айтор бул тармакты жакшы билбегени аз келгенсип, парламентке, өкмөткө эчак жиберилген мыйзамдарды “биз иштеп чыктык” дегендей маалымат бергенде оозубуз ачылды. Мыйзамдар каралып жатканда аларды коргош үчүн парламентке: бир да жолу басып барган эмес деп, Жогорку Кеңеште күңкүлдөгөндөр болгон. Анан да, дары-дармектердин улуттук базасын түзүү боюнча жумуштар аткарылып бүтүп калгандыгын каңкуулаптыр. Бирок адистер бул иш ордунан жылбай эле тургандыгын белгилешет. Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармектердин улуттук базасын түзүү боюнча координатору Нургул Аднаева Гүлмира Шаки­рова менен жакшы дос, чогуу иштешкен да жайы бар дешет. Бирок эки дос эмне себептен бул ишти аягына чыгара албай жатат? Ал жагы табышмак. Депутаттык комиссия министрликти текшергенде, Нургүл Аднаева бир учур да эле 3 кызматты аркалап тургандыгын  таап чыгышкан. Ал дары-дармектердин улуттук базасын түзүү боюнча консультант, онкологиялык оруларды коргоо боюнча башкаруу фондунун торайымы жана министрликтин коомдук башталгычтагы кеңешчиси. Консультанттардын маянасы 32000 сомдон 102миң сомго чейин экендигин эл өкүлдөрү көрсөткөн. Олчойгон акча алышкандары менен эмдигиче дарылардын улуттук базасы түзүлө элек. Бирок, Шакирова менен Аднаева аягына чыкпаган ишти жар салып, отчет берип жатканда күлкүсү келгендер четтен чыгат. Мурдагы министр Талант Батыралиевдин айласын кетирип, иштен кетирүүгө кызыкдар болгон Аднаеванын кызыкчылыгы деги эмне? Же Шакирова экөөбү биригип алып, даары тармагын каалагандай калчалагылары келип жатабы? Деги булар качан интригадан ишке өтөөр экен? Айтмакчы Шакированын даары тармагын тейлегенге билими жетишпей, учурда абдан кыйналып жүргөндүгү айтылууда. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дейт элибизде. Өзүн көп кыйнабай, билген эле бухгалтердин кесибин аркарлап кетсе деп, нааразы болгондор четтен чыгат.

Булак:Фабула

Последние новости