www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 11-августта саат 04:45 чамасында Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай айылына жакын жерде жол кырсыгы катталган. Маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.

«1983-жылы туулган жарандын башкаруусундагы SSANGYOG-KORANDO үлгүсүндөгү унаасы Бишкек багытынан Ош багытын көздөй башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыгып 1986-жылы туулган жарандын башкаруусундагы RENAULT-PREMIUM үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн.

Кесепетинен SSANGYOG-KORANDO үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жүргүнчү катары бара жаткан 4 адам каза болгон. Ал эми 1 адам Шамалды-Сай шаарынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө алган жаратынан улам каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Последние новости