www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 11-августта Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз–Булак тилкесинде 4 турак үйдү, ал эми Бактуу-Долоноту айылындагы Бактуу-Долоноту суусунун деңгээли көтөрүлүп, нугунан чыгып, натыйжада 9 турак үйдү сел суулары каптаган.

Ошондой эле Булаң-Сөгөттү айылында 1, ал эми Бостери айылында 3 турак үйгө суулар кирип, “Кооператив строитель” Бостери дачасына бара турган жолдогу ички чарбалык жолду жана көпүрөнү суу агызып кеткен.

Жалпысынан болжол менен 16 турак үйдү суу каптап, 1 ички чарбалык көпүрөнү агызган. Жеринде ӨКМден 27 куткаруучу жана шаардык Жарандык коргонуу кызматынын күч-каражаттары жеринде иштөөдө жана тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Таңкы саат 04:20га карата селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүгө Ысык-Көл райондук №31жана №35 ӨКБдан жалпы 29 куткаруучу, 2 мотопомпа, ƟКМнин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан 4 офицер, Балыкчы шаардык №19 ƟКБдан 7 куткаруучу, мотопомпалар тартылган.

Жалпысынан 40 куткаруучу, 3 мотопомпа жеринде иштеп жатат. Ысык-Көл районунун Жарандык коргоонуу кызматтарынан жалпы 60 адам, Чолпон-Ата шаарыдк мэрия тарабынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч такзалоо иштерин жүргүзүүдө.

Последние новости